19-статья. Калк жашаган пункттарды пландаштыруудагы жана куруудагы экологиялык талаптар
Күчүндө · 13.06.2024 редакциясы · IV БӨЛҮМ
Шаарларды жана башка калк жашаган пункттарды пландаштырууда жана курууда коммуналдык, турмуш-тиричилик калдыктарын санитардык тазалоо, зыянсыздандыруу, утилдештирүү, кайра иштетүү, болбосо көмүү, калкты коркунучтуу геологиялык жана гидрогеологиялык процесстерден сактоо, тарыхый эстеликтерди, табигый эстеликтерди коргоо боюнча талаптар сакталууга тийиш. Шаарлардын жана башка калк жашаган пункттардын, экологиялык жагынан зыяндуу объектилердин айланасында жаратылышты пайдалануунун чектелген режими бар, чарбалык интенсивдүү пайдалануудан алынган токой, бак-дарак, жашыл, коргоо зоналары түзүлөт.
Берененин тексти 13.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/218/st-19" title="19-статья - Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>