Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д. Бекешев, У. Карыбек уулу, Ж.Б. Абиров жана У.Т. Кадыралиев тарабынан демилгеленген «Жашыл бак-дарактарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен жактырылды)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
| | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын «___»______ № _____ тескемеси менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары
Д.Д. Бекешев, У. Карыбек уулу, Ж.Б. Абиров жана
У.Т. Кадыралиев тарабынан демилгеленген «Жашыл
бак-дарактарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д. Бекешев, У. Карыбек уулу, Ж.Б. Абиров жана У.Т. Кадыралиев тарабынан демилгеленген «Жашыл бак-дарактарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары – мыйзам долбоору) карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 52-беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«13) берилген жер тилкесиндеги көп жылдык жашыл бак-дарактардын сакталышын камсыз кылуу.». Көрсөтүлгөн редакция Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 52-беренесинин жөнгө салуу предметине жашыл бак-дарактарды кыюу, экологиялык экспертизалоо жана компенсациялык жашылдандыруу маселелерин жөнгө салуу түздөн-түз кирбегендигине байланыштуу сунушталууда.
2. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-пункту менен Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 125-беренесин жалпы пайдалануудагы рекреациялык зоналардын (парктардын, гүлзарлардын, сейил бактардын) чектерин индекстелген карталарда жана мамлекеттик электрондук жер реестринде милдеттүү түрдө көрсөтүүнү караган 5-бөлүк менен толуктоо сунушталууда.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 83-беренесине ылайык парктар, сейил бактар, гүлзарлар, токой парктары жана жашыл бак-дарактар калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлерине киргендигине карабастан, мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн аймактардын чектерин белгилөөнүн жана өзгөртүүнүн негиздери жана тартиби аныкталган эмес. Ушуга байланыштуу белгиленүүчү чектердин аймактарды тиешелүү функционалдык зоналаштырууну караган башкы пландар жана башка шаар куруу документтери менен өз ара байланышын, ошондой эле белгиленген чектер жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик жер кадастрына жана мамлекеттик электрондук жер реестрине киргизүүнүн жана актуалдаштыруунун тартибин аныктоо зарыл.
3. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 1-пункту менен «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүн курулуш зонасында компенсациялык жашылдандыруу үчүн бош аянттар жок болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына куруучуга альтернативдүү жер тилкелерин берүү милдетин жүктөөнү караган 5-пункт менен толуктоо сунушталууда.
Ушундай эле талап экологиялык экспертизанын алкагында компенсациялык жашылдандыруу планын бекитүүдө белгиленет. Сунушталып жаткан ченем куруучунун компенсациялык жашылдандыруу боюнча милдеттеринин аткарылышын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жер тилкесинин берилишине көз каранды кылат. Ошол эле учурда бош муниципалдык жерлердин болушу, алардын укуктук режими, категориясы, максаттуу багыты, шаар куруу боюнча зоналаштырылышы, оорчулуктардын болушу жана мыйзамдарда каралган башка чектөөлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын эркинен көз каранды эмес. Ушуга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына альтернативдүү жер тилкелерин берүү милдетин жүктөө кошумча укуктук иштеп чыгууну талап кылат, анткени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы курулуш жүргүзүүнүн же жашыл бак-дарактарды кыюунун бардык учурларында белгиленген талаптарга ылайык жер тилкесинин болушуна кепилдик бере албайт. Мындан тышкары, жер тилкелери алардын укуктук режимин, белгиленген максаттуу багытын жана бекитилген шаар куруу документтерин эске алуу менен берилүүгө тийиш. Ушуга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын куруучуларга альтернативдүү жер тилкелерин берүү милдетин алып салууну жана жерлердин болушун, алардын укуктук режимин, максаттуу багытын жана бекитилген шаар куруу документтерин эске алуу менен компенсациялык жашылдандыруу боюнча милдеттерди ишке ашыруунун башка механизмдерин аныктоону сунуштайбыз.
4. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 1-пунктунун экинчи абзацындагы, 5-беренесинин 3-пунктунун экинчи абзацындагы, 6-беренесинин 3-пунктунун онунчу жана он төртүнчү абзацтарындагы «жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органы» деген түшүнүктү кайра карап чыгуу зарыл, анткени «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында мындай түшүнүк каралган эмес.
Ошол эле учурда аталган Мыйзамдын 17-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү коомдоштуктар тарабынан өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары аркылуу, ошондой эле жарандардын түздөн-түз катышуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
5. Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– калктуу конуштардагы жашыл бак-дарактарды милдеттүү мамлекеттик эсепке алууну (инвентаризациялоону) дарак-бадал өсүмдүктөрүнүн ар бир объектине санариптик паспортторду ыйгаруу менен жүргүзүү, жеке жана юридикалык жактардын жеке менчик укугундагы жер тилкелеринде жайгашкан бак-дарактарды кошпогондо;». Сунушталып жаткан редакция Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 15-беренесинин биринчи бөлүгүнө ылайык жеке же юридикалык жактын жеке менчигинде турган жер тилкесинде жайгашкан дарак-бадал өсүмдүктөрү, эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, анын менчик укугуна таандык болот деп шартталган.
6. Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 3-пунктунда «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-статьясынын экинчи абзацын шаарлардын жана башка калктуу конуштардын айланасында, ошондой эле алардын чектеринин ичинде токой парктарын, жашыл жана коргоо зоналары түзүлөт деген жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда. Курулуштарды реконструкциялоодо же тыгыздаштырууда жашыл зоналардын иш жүзүндөгү аянтын азайтууга тыюу салынат. Дарактарды мажбурлап жок кылууга өзгөчө учурларда, аспаптык изилдөөнүн жана оң экологиялык экспертизанын корутундусунун негизинде гана жол берилет.
Ошол эле учурда бак-дарактарды кыюу үчүн конкреттүү негиздер аныкталбастан, «өзгөчө учурларда» деген туюндурманы колдонуу кызмат адамдарынын дискрециялык ыйгарым укуктарынын пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу дарактарды кыюуга жол берилүүчү учурлардын толук тизмегин караштыруу зарыл.
7. Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 3-пунктунун үчүнчү абзацы менен «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 271-статья менен толуктоо сунушталууда, анда калктуу конуштардын чектеринде жашыл фонддун (парктардын, гүлзарлардын, сейил бактардын, бакчалардын) аймактарынын жалпы аянтынын кыскарышына алып келген ишке тыюу салынат деп көрсөтүү сунушталууда.
Жалпы пайдалануудагы жашыл бак-дарактар ээлеген жер участокторунун максаттуу багытын ушул аймактарды тейлөөгө байланышпаган объекттерди куруу максатында өзгөртүүгө жол берилбейт. Бирок мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 3-пунктунда «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-статьясынын экинчи абзацын шаарлардын жана башка калктуу конуштардын айланасында, ошондой эле алардын чектеринин ичинде токой парктары, жашыл жана коргоо зоналары түзүлөт деген редакцияда баяндоо сунушталууда. Курулушту реконструкциялоодо же тыгыздаштырууда жашыл зоналардын иш жүзүндөгү аянтын азайтууга тыюу салынат. Дарактарды мажбурлап жок кылууга өзгөчө учурларда, аспаптык изилдөөнүн жана оң экологиялык экспертизанын корутундусунун негизинде гана жол берилет. Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 3-пунктунун үчүнчү абзацы менен 4-беренесинин 3-пунктунун ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу зарылдыгын белгилейбиз.
8. Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 3-пунктунун тогузунчу абзацы менен «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 273-статья менен толуктоо сунушталууда, анда жашыл бак-дарактар ээлеген аймактарды кыскартууга тыюу салуу каралган. Ошол эле учурда аталган берененин 5-бөлүгүндө компенсациялык жашылдандырууну жүргүзгөн субъекттерге отургузулган бак-дарактарды үч жыл бою багуу жана сугаруу милдети жүктөлгөндүгү каралган.
Ошону менен бирге мыйзам долбоорунда отургузулган бак-дарактарды талаптагыдай багуу жана сугаруу милдетин аткарууну контролдоо тартиби, ошондой эле көчөттөрдүн куурап калышына алып келген, аны аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жоопкерчилик чаралары аныкталган эмес. Ушуга байланыштуу аталган милдетти аткарууну контролдоо механизмин караштыруу жана тиешелүү жоопкерчилик чараларын белгилөө маселесин кароо сунушталат.
9. Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 3-пунктунун онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Мамлекеттик токой фондусуна кирбеген жашыл бак-дарактарды жок кылууга (кыюуга) же кайра отургузууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уруксат берүүчү документинин негизинде гана жол берилет, буга жеке жана юридикалык жактардын жеке менчигиндеги жер тилкелеринде жайгашкан бак-дарактар кирбейт.». Сунушталып жаткан редакция көрсөтүлгөн ченемди Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 15-беренесине шайкеш келтирүү зарылдыгы менен шартталган, анда жеке же юридикалык жактын жеке менчигинде турган жер участогунда жайгашкан дарак-бадал өсүмдүктөрү, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, менчик ээсинин менчик укугуна таандык болот. Бул ченемде дарак-бадал өсүмдүктөрүнүн конкреттүү түрлөрү жана породалары да көрсөтүлгөндүгүн белгилей кетүү зарыл.
10. Укук колдонуу практикасында кыйынчылыктарды болтурбоо максатында мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 3-пунктунун он үчүнчү абзацында кайсы ыйгарым укуктуу орган жөнүндө сөз болуп жатканын тактоо керек.
11. Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 3-пунктунун он тогузунчу абзацында (сунушталып жаткан 275-статьянын 1-бөлүгүндө) эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Жашыл бак-дарактардын электрондук реестрин жүргүзүүгө милдеттүү экендигин белгилөө сунушталууда. Ошол эле учурда, мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 2-пунктунун «б» пунктчасынын бешинчи абзацында «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясын «Бак-дарактардын реестри» – жашыл бак-дарактардын жайгашкан жери, түрдүк курамы, абалы жана наркы жөнүндө маалыматтарды камтыган мамлекеттик же муниципалдык электрондук маалыматтар базасы деген түшүнүк менен толуктоо сунушталууда.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 29-беренесине ылайык санариптик технологиялык системалар мамлекеттик, муниципалдык же жеке болуп саналышы мүмкүн экендигин белгилейбиз. Мамлекеттик жана муниципалдык санариптик технологиялык системалар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик сервистерди берүү үчүн түзүлөт. Башка максаттарда түзүлгөн санариптик технологиялык системалар жеке системалар болуп саналат. Санариптик технологиялык системалар алардын ээси (ээлери) же пайдалануучулары тарабынан алар макулдашылган эрежелердин негизинде биргелешип түзүлөт жана пайдаланылат. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 2-пунктунун «б» пунктчасынын бешинчи абзацында жана 3-пунктунун он тогузунчу абзацында Жашыл бак-дарактардын реестринин ээсине карата карама-каршылыктарды жоюу зарыл.
12. Мыйзам долбоорунун 6, 7-беренелеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын олуттуу кеңейтүү, анын ичинде Жашыл бак-дарактардын өзүнчө электрондук реестрин жүргүзүү, координаттарын жана сапаттык абалын көрсөтүү менен ар бир даракка уникалдуу идентификациялык номер ыйгарып, аларды эки жылда кеминде бир жолу инвентаризациялоо, тиешелүү маалыматтардын жалпыга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, жеңил типтеги объекттерди жайгаштырууда бак-дарактарды кыюуга жол бербөө боюнча контролдоо, ошондой эле жашыл бак-дарактарды кыюуга жана отургузууга байланышкан уруксат берүү жол-жоболоруна катышуу каралган.
Ошол эле учурда көрсөтүлгөн негиздеме электрондук эсепке алуу системасын түзүү жана анын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, жашыл бак-дарактарды белгиленген мезгилдүүлүк менен толук инвентаризациялоо, ар бир объектти санариптик паспорттоштуруу, анын координаттарын жана абалын аныктоо, тиешелүү маалыматтарды актуалдаштыруу, реестрге жалпыга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле долбоордо каралган контролдоочу жана уруксат берүүчү функцияларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон чыгымдардын эсебин камтыбайт. Ушуга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аталган милдеттерди алардын финансылык, материалдык-техникалык жана кадрдык камсыздоо булактарын аныктабай туруп жүктөө кошумча негиздөөнү талап кылат. Ошол эле учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына ылайык муниципалдык мүлктү эсепке алуу жана муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин жүргүзүү жүзөгө ашырылып жаткандыгын белгилей кетүү зарыл. Ушуга байланыштуу жашыл бак-дарактарды эсепке алуунун жана алардын реестрин жүргүзүүнүн өзүнчө тартибин белгилөөнүн зарылдыгы жөнүндө, ошондой эле анын муниципалдык мүлктүн колдонуудагы бирдиктүү реестри менен катышын аныктоо маселесин кошумча иштеп чыгууну зарыл деп эсептейбиз.
13. Мыйзам долбоорунда калктуу конуштардагы жашыл бак-дарактарды кыюу, көчүрүп отургузуу же реконструкциялоо боюнча долбоорлорго (пландарга) мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнү милдеттүү түрдө караштыруу сунушталууда, эгер ондон ашык бак-даракты же бадалды кыюу болжолдонсо, комплекстүү мамлекеттик экспертизадан өтүүгө тийиш болгон объекттин долбоордук документтеринде ушул иш-чаралар каралган учурлардан тышкары.
Ушуга байланыштуу көрсөтүлгөн учурларда бак-дарактарды кыюу, көчүрүп отургузуу же реконструкциялоо арыз ээси компенсациялык жашылдандырууну жүргүзүү жана отургузулган көчөттөрдүн өнүмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алган шартта, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уруксатынын негизинде жүзөгө ашырылышын караштырууну сунуштайбыз. Көрсөтүлгөн мамиле милдеттүү компенсациялык жашылдандыруу аркылуу, ошол эле учурда мамлекеттик экологиялык экспертизадан милдеттүү тартипте өткөрүлүүгө тийиш болгон объекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоодо ашыкча административдик жол-жоболорду жоюу менен жашыл бак-дарактарды коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Мында жашыл бак-дарактарды талаптагыдай коргоо максатында аларды аспаптык изилдөө жана кыюунун зарылдыгын негиздөө боюнча талаптарды сактоону, ошондой эле компенсациялык жашылдандыруу боюнча милдеттенмелердин аткарылышын контролдоону караштыруу максатка ылайыктуу. Бул сунуш объекттин комплекстүү мамлекеттик экспертизадан өтүүгө тийиш болгон долбоордук документтеринде тиешелүү иш-чаралар каралган учурларга жайылтылбайт. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «Жашыл бак-дарактарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ушул корутундуда көрсөтүлгөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (8)
- Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 20.06.2001 · № 53
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндөЗакон · 13.07.2011 · № 95
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексиКодекс · 18.07.2025 · № 149