17-статья. Ишканаларды, курулуштарды жана башка объектилерди жайгаштырууга, долбоорлоого, курууга, кайра конструкциялоого, пайдаланууга берүүгө карата экологиялык талаптар
Күчүндө · 13.06.2024 редакциясы · IV БӨЛҮМ
Айлана-чөйрөнүн абалына тикелей же кыйыр таасир тийгизүүчү объектилерди жана иштин түрлөрүн жайгаштырууда, курууда, кайра конструкциялоодо, техникалык жагынан кайра жабдууда, пайдаланууга берүүдө жаратылышты коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, арбытып өндүрүү, экологиялык ченемдерге ылайык айлана-чөйрөнү жакшы абалга келтирүү боюнча иш-чаралар каралууга жана аткарылууга жана пландаштырылып жаткан иштин айлана-чөйрөгө (АЧТББ) таасирине баа берүү жүзөгө ашырылууга тийиш. Чарбалык жана/же башка иштин объекттерин, анын ичинде жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) курулмаларды жайгаштыруу ордун аныктоо, ошондой эле долбоорлоо, куруу, пайдаланууга берүү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун негизинде жүргүзүлөт. Бекитилген долбоорду экологиялык коопсуздуктун таламдарына каршы өзгөртүүгө жол берилбейт. Зыяндуу калдыктарды абага чыгарууну, агызып чыгарууну жол берилүүчү чектелген деңгээлге чейин тазалоо, зыянсыздандыруу жана утилдештирүү боюнча курулуштар жана жабдуулар менен камсыз кылынбаган объектилерди пайдаланууга берүүгө тыюу салынат. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"Редакцияларды салыштыруу
13.06.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…(АЧТББ) таасирине баа берүү жүзөгө ашырылууга тийиш.
Чарбалык алынып салынды: объектилерди жайгаштыруучу жерлерди кошулду: жана/же башка иштин объекттерин, анын ичинде жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) курулмаларды жайгаштыруу ордун аныктоо, ошондой эле долбоорлоо, алынып салынды: куруу жана кошулду: куруу, пайдаланууга берүү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жана мамлекеттик … камсыз кылынбаган объектилерди пайдаланууга берүүгө тыюу салынат.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-июнундагы № 342 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын балык уулоо, балык запастарын…Постановление · 16.06.2020 · № 342
- Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 119-нпа "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине…Приказ · 04.06.2026 · № 119-нпа
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/218/st-17" title="17-статья - Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>