Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 20-декабры, № 493-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10. 15 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 587-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Тиркеме "Тиркеме 2018-2022-жыллар мезгилине Бириккен Улуттар Уюмунун мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасына өнүктүрүү жаатында жардам көрсөтүүнүн алкактык негиздерин ишке ашыруу боюнча Стратегиялык координациялык комитеттин (ЮНДАФ СКК) курамы Кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, ЮНДАФ СККнын тен терагасы; Кыргыз Республикасында БУУ системасынын Туруктуу координатору, ЮНДАФ СККнын тең төрагасы (макулдашуу боюнча). ЮНДАФ СККнын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы маселелерин тейлеген вице-премьер-министри; Кыргыз Республикасынын социалдык маселелерди тейлеген вице-премьер-министри; Кыргыз Республикасынын Финансы министри; Кыргыз Республикасынын Экономика министри; Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер жана интеграциялык процесстер боюнча атайын өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча): Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюму системасынын туруктуу координатору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) туруктуу өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасында Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (БУУ АУЖКБ) региондук өкүлү; Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасында Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ БДАП) өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасында БУУ-Аялдар өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайлык өнүктүрүү боюнча (ЮНИДО) өлкөлүк өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен программасынын (ЮНЭЙДС) өлкөлүк менеджери (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасында Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МЭУ) офисинин башчысы (макулдашуу боюнча): Кыргыз Республикасында БУУ Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) аткаруучу өкүлү (макулдашуу боюнча); Алматыдагы ЮНЕСКО бюросунун директору. Казакстандагы. Кыргызстандагы жана Тажикстандагы ЮНЕСКО өкүлү (макулдашуу боюнча); Эл аралык соода борборунун (ЭСБ) Кеңсе башчысы; Кыргыз Республикасында Качкындардын иштери боюнча Жогорку комиссар (БУУ КИЖК) башкармалыгынын башчысы; Кыргыз Республикасында Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) улуттук координатору (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 49-т (ЮНДАФты ишке ашыруу боюнча стратегиялык координациялык комитеттин курамын бекитүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 07.02.2022 · № 49-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 587-б (ЮНДАФты ишке ашыруу боюнча Стратегиялык Координациялык Комитетинин курамы бекитүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 20.12.2017 · № 587-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 587-б (ЮНДАФты ишке ашыруу боюнча Стратегиялык Координациялык Комитетинин курамы бекитүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 20.12.2017 · № 587-р · Күчүн жоготкон