Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (ЮНДАФты ишке ашыруу боюнча Стратегиялык Координациялык Комитетинин курамы бекитүү жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 7 февраля 2022 года № 49-р (Об утверждении состава Стратегического Координационного Комитета по реализации ЮНДАФ)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-07.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 49-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 20-декабры № 587-б (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-декабрындагы № 493-б буйругунун редакциясына ылайык) 2017-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен БУУнун Өлкөлүк командасынын ортосунда кол коюлган 2018-2022-жылдар мезгилине Бириккен Улуттар Уюмунун мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасына өнүктүрүү жаатында жардам көрсөтүүнүн алкактык негиздерин (ЮНДАФ) натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 15 жана 17-беренелерине ылайык:
1. ЮНДАФты ишке ашыруу боюнча Стратегиялык Координациялык Комитетинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. ЮНДАФты ишке ашыруу боюнча Стратегиялык Координациялык Комитетинин катчылыгынын функциялары Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
3. ЮНДАФты стратегиялык башкарууну камсыз кылуу жана аткаруу маселелерин кароо үчүн ЮНДАФты ишке ашыруу боюнча Стратегиялык Координациялык Комитетинин жыйындары жылына бир жолу өткөрүлө тургандыгы аныкталсын.
Премьер-министр
С.Дж. Исаков
Тиркеме 2018-2022-жылдар мезгилине Бириккен Улуттар Уюмунун мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасына өнүктүрүү жаатында жардам көрсөтүүнүн алкактык негиздерин ишке ашыруу боюнча Стратегиялык Координациялык Комитетинин (ЮНДАФ СКК) КУРАМЫ (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-декабрындагы № 493-б буйругунун редакциясына ылайык) Кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, ЮНДАФ СККнын тен терагасы; Кыргыз Республикасында БУУ системасынын Туруктуу координатору, ЮНДАФ СККнын тең төрагасы (макулдашуу боюнча). ЮНДАФ СККнын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы маселелерин тейлеген вице-премьер-министри; Кыргыз Республикасынын социалдык маселелерди тейлеген вице-премьер-министри; Кыргыз Республикасынын Финансы министри; Кыргыз Республикасынын Экономика министри; Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер жана интеграциялык процесстер боюнча атайын өкүлү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча): Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюму системасынын туруктуу координатору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) туруктуу өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасында Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (БУУ АУЖКБ) региондук өкүлү; Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасында Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ БДАП) өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасында БУУ-Аялдар өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайлык өнүктүрүү боюнча (ЮНИДО) өлкөлүк өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен программасынын (ЮНЭЙДС) өлкөлүк менеджери (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасында Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МЭУ) офисинин башчысы (макулдашуу боюнча): Кыргыз Республикасында БУУ Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) аткаруучу өкүлү (макулдашуу боюнча); Алматыдагы ЮНЕСКО бюросунун директору. Казакстандагы. Кыргызстандагы жана Тажикстандагы ЮНЕСКО өкүлү (макулдашуу боюнча); Эл аралык соода борборунун (ЭСБ) Кеңсе башчысы; Кыргыз Республикасында Качкындардын иштери боюнча Жогорку комиссар (БУУ КИЖК) башкармалыгынын башчысы; Кыргыз Республикасында Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) улуттук координатору (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 49-т (ЮНДАФты ишке ашыруу боюнча стратегиялык координациялык комитеттин курамын бекитүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 07.02.2022 · № 49-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-декабрындагы № 493-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 587-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 20.12.2019 · № 493-р
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 49-т (ЮНДАФты ишке ашыруу боюнча стратегиялык координациялык комитеттин курамын бекитүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 07.02.2022 · № 49-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.