Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 17-декабры, № 486-б Калкка медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын онкологиялык кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-майындагы №172-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-пунктунун экинчи абзацы "медициналык жабдууларды" деген сөздөрдөн кийин ", оңдоо жана курулуш боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык "Онкологиялык кызматты колдоо фонду" коомдук фондунун уставына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-майындагы № 172-б "Онкологиялык кызматты колдоо фонду" коомдук фондунун Байкоочу кеңешинин чечимине макулдук берүү жөнүндө буйругуРаспоряжение · 25.05.2018 · № 172-б
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон