Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Онкологиялык кызматты колдоо фонду» коомдук фондунун Байкоочу кеңешинин чечимине макулдук берүү жөнүндө буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 25-майы № 172-б (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 486-б буйругунун редакциясына ылайык) Калкка медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын онкологиялык кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2018-жылдын 5-мартындагы жана 2018-жылдын 2-апрелиндеги чечимдерин көңүлгө алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Онкологиялык кызматты колдоо фонду" коомдук фондунун Байкоочу кеңешинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча 2017-жылдын 11-сентябрындагы стратегиялык макулдашууну ишке ашыруунун алкагында "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан которулуучу финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан андан ары пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын мультивалюталык эсебине (мындан ары - мультивалюталык эсеп) которуу жөнүндө чечимине макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган финансы каражаттары мультивалюталык эсепке келип түшкөн күнгө карата сомдун эквивалентинде финансы каражаттарынын суммасы боюнча тиешелүү түзөтүүлөр киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин ресурстарынын жана чыгымдарынын параметрлериндеги өзгөрүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашсын;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жогоруда аталган финансы каражаттарынын келип түшүүсүн жана аларды пайдаланууну эске алуу менен белгиленген тартипте киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гематология борбору:
- "Онкологиялык кызматты колдоо фонду" коомдук фондунун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн тартуу менен (макулдашуу боюнча) медициналык жабдууларды, оңдоо жана курулуш боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык сатып алууну камсыз кылсын;
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 486-б буйругунун редакциясына ылайык)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна конкурстук жол-жоболорду өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн келишимдерге ылайык акы төлөө үчүн зарыл болгон финансылык документтерди берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:
- конкурстук жол-жоболорду өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гематология борбору берген документтердин негизинде эсептөөлөрдү жүргүзсүн;
- аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча "Онкологиялык кызматты колдоо фонду" коомдук фондуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул буйруктун 1-пунктунда аталган финансы каражаттарын максаттуу пайдалануу жөнүндө маалымат берсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Закон · 23.01.2019 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.