Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине финансылык каражатты бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 4-декабры № 426-б 2015-жылдын 3-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын кайтарымсыз финансылык жардам көрсөтүүсү жөнүндө макулдашуунун алкагында бөлүнгөн каражаттарды өздөштүрүү максатында. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен:
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине катышуусунун алкагындагы интеграциялык процесстерди камсыз кылуу үчүн товарларга, жумуштарга жана кызмат керсөтүүлөргө акы төлөө үчүн 33 012 279,00 (отуз үч миллион он эки миң эки жүз жетимиш тогуз) сом суммасында финансылык каражатты бөлүп берсин;
- «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун даярдоодо ушул буйруктун 1-пунктунан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш. транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 28.12.2017 · № 218(23)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон