Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 17-декабры № 435-б Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында Бузуулардын бирдиктүү реестрин киргизүү боюнча иш-чараларды натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында Мониторинг борборун жабдуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгына каралган каражаттардан 10 619 200 (он миллион алты жүз он тогуз миң эки жүз) сом суммасындагы кошумча акча каражатын төмөнкүлөргө бөлүп берсин, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине 2 000 000 (эки миллион) сом;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 2 640 000 (эки миллион алты жүз кырк миң) сом;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине 2 945 400 (эки миллион тогуз жүз кырк беш миң төрт жүз) сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга 3 033 800 (үч миллион отуз үч миң сегиз жүз) сом.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-ноябрындагы № 399-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктундагы "56 168 198 (элүү алты миллион бир жүз алтымыш сегиз миң бир жүз токсон сегиз) сом бөлүп берсин" деген сөздөр "45 548 998 (кырк беш миллион беш жүз кырк сегиз миң тогуз жүз токсон сегиз) сом бөлүп берсин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-ноябрындагы № 399-б (Акча каражаттар бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 12.11.2018 · № 399-р
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 28.12.2017 · № 218(23)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон