Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 4-марты № 44-б Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 86-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 655-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Дүң киреше салыгы боюнча отчётторду толтуруу жана көрсөтүү тартибинде:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Отчёт кагазга жазылган документ же электрондук документ түрүндө түзүлөт жана берилет.";
- 4-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) электрондук документ түрүндөгү отчетко салык төлөөчүнүн же салык төлөөчүнүн кызмат адамынын же салык өкүлүнүн электрондук кол тамгасы менен кол коюлууга тийиш.";
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Электрондук документ түрүндөгү отчёт Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте берилет.";
2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Жылдык сумма боюнча отчётторду толтуруу жана көрсөтүү тартибинде:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Отчёт кагазга жазылган документ же электрондук документ түрүндө түзүлөт жана берилет.";
- 4-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) электрондук документ түрүндөгү отчетко салык төлөөчүнүн же салык төлөөчүнүн кызмат адамынын же салык өкүлүнүн электрондук кол тамгасы менен кол коюлууга тийиш.";
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Электрондук документ түрүндөгү отчёт Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте берилет.";
3) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Ысык-Көл төгүмү боюнча отчётторду толтуруу жана көрсөтүү тартибинде:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Отчёт кагазга жазылган документ же электрондук документ түрүндө түзүлөт жана берилет.";
- 4-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) электрондук документ түрүндөгү отчетко салык төлөөчүнүн же салык төлөөчүнүн кызмат адамынын же салык өкүлүнүн электрондук кол тамгасы менен кол коюлууга тийиш.";
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Электрондук документ түрүндөгү отчёт Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте берилет.".
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 655-б (Отчеттун формасын бекитүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 26.11.2009 · № 655-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон