Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 21-сентябры № 333-б Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулардын ысык тамактануусун оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулардын ысык тамактануусун оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулардын ысык тамактануусун уюштуруунун абалына талдоо жүргүзсүн жана аны оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыксын;
- квартал сайын өзүнүн жыйындарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулардын ысык тамактануусун киргизүү боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетун уксун.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл болгон учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана кеңешчилерди ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 463-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Тиркеме Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулардын ысык тамактануусун оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун өкүлү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасындагы Мерси Ко Интернешнл (МЕРСИКО) филиалынын өкүлү (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 463-б (Ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүү) буйругуРаспоряжение · 25.09.2012 · № 463-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Об организации питания учащихся в общеобразовательных школах Кыргызской РеспубликиЗакон · 27.06.2002 · № 111 · Күчүн жоготкон