Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүү) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 25-сентябры № 463-б Кыргыз Республикасында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда мектептик тамактанууну уюштуруунун пилоттук моделин иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу комиссия (мындан ары - жумушчу комиссия) түзүлсүн:
Талиева К.А.
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу комиссиянын төрагасы;
Кендирбаева Д.Ш.
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары, жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары;
Баймурзаев М.А.
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин финансылык талдоонун бюджеттик саясаты башкармалыгынын начальниги;
Үсөналиев М.Ж.
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын начальниги;
Жумалиев А.Т.
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
Базарбаев Т.Р.
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин техникалык жөнгө салуу бөлүмүнүн начальниги;
Кыдыралиев З.Т.
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттер аралык мамилелер башкы башкармалыгынын начальниги;
Абарбекова А.М.
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чөйрөнүн чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги;
Жапаркулова М.К.
- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин балдарды социалдык коргоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Франк Н.С.
- Кыргыз Республикасында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Мамырбаева Т.Т.
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Энени жана баланы коргоонун улуттук борборунун илимий иштер боюнча директорунун орун басары;
Сыдыканов А.С.
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы;
Давыдова Л.Н.
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана экспертизалоо департаментинин директорунун орун басары;
Кушубакова М.Ы.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын санитардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси;
Сатыбалдиева А.Х.
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин талдоо, болжолдоо жана азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башкы адиси;
Жусупова А.
- Кыргыз Республикасында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын программалык маселелер боюнча адиси (макулдашуу боюнча);
Осмоналиев Р.А.
- Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Социалдык тамактануу департаментинин директору (макулдашуу боюнча);
Погосян А.
- Кыргыз Республикасында БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) билим берүү маселелери боюнча координатору (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- башталгыч класстардын окуучуларынын тамактануусун уюштурууну жакшыртууга багытталган долбоорду пландоо боюнча Кыргыз Республикасында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын техникалык адистеринин миссиясына көмөк көрсөтсүн;
- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде мектептик тамактанууну уюштуруунун пилоттук моделин иштеп чыгуунун жана киргизүүнүн жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 333-б "Жумушчу топ түзүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 21.09.2018 · № 333-б