Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бюджеттик уюмдардын өздүк керектөөлөрү үчүн 2018-жылга электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн жылдык лимиттери бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 20-июну № 208-б Ири бюджеттик керектөөчүлөрдү энергетикалык изилдөөнүн жыйынтыгын эсепке алуу менен бюджеттик уюмдарга коммуналдык кызматтарды төлөөгө бөлүнүүчү бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Бюджеттик уюмдардын өздүк керектөөлөрү үчүн 2018-жылга электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн жылдык лимиттери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик органдар бир жумалык мөөнөттө:
1) ушул буйрук менен белгиленген электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн жылдык лимиттерин ведомстволук бөлүмдөр боюнча бөлүштүрүшсүн;
2) электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн лимиттерин белгиленген тартипте ведомстволук мекемелерге билдиришсин;
3) электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн белгиленген лимиттерин көрсөтүү менен ведомстволук мекемелердин толук тизмесин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана тиешелүү электр, жылуулук жана газ менен камсыз кылуучу ишканаларга беришсин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушул буйруктун 2-пунктунда белгиленген мөөнөттө жана тартипте электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн лимиттерин бөлүштүрүү жана жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик уюмдарга билдирүү сунушталсын.
4. Субабоненттерди электр энергиясы менен жабдыган бюджеттик уюмдар жүзөгө ашыруучу иштин түрүнө белгиленген тартипте лицензия алышсын жана субабоненттер тарабынан керектелүүчү электр энергиясынын көлөмүнө жабдуучу уюмдар менен контракттарды түзүшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы "Түндүк электр" ачык акционердик коому менен бирдикте "Петровка 2" 35\10 кВ подстанциясын белгиленген тартипте "Түндүк электр" ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү маселесин карасын.
6. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу Энергетика жана экономика илим изилдөө институту:
1) 2018-2019-жылдарда бюджеттик керектөөчүлөрдү энергетикалык изилдөөнү улантсын;
2) бюджеттик керектөөчүлөрдү энергетикалык изилдөөгө республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттарды катуу тартипте максаттуу багыттар боюнча пайдаланууну камсыз кылсын;
3) республикалык бюджеттен каржылануучу уюмдардын Электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн лимиттерин түзүү методикасынын долбоорун иштеп чыксын.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "2019-жылга республикалык бюджет жана 2020-2021-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун түзүүдө Энергетика жана экономика илим изилдөө институтуна бюджеттик уюмдарды энергетикалык изилдөөнү улантуу үчүн 2000000 (эки миллион) сом өлчөмүндө каражатты алдын ала караштырсын.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине айрым мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн лимиттерине ушул буйрук менен бекитилген лимиттердин чегинде түзөтүү киргизүүнү жыл ичинде ишке ашыруу укугу берилсин.
9. Ушул буйрукта каралган жоболорду бузуу үчүн тиешелүү органдардын жана уюмдардын жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлө тургандыгы белгиленсин.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 140-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
11. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Тиркеме 2018-жылга бюджеттик уюмдар үчүн электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын керектөө ЛИМИТИ Графикалык көчүрмөсүн КР ЮМ караңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- Курманбек айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-январындагы № 2 «Курманбек айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше,чыгашаларынын долбоорун жана 2020-2021-жылдарга…Постановление · 25.01.2019 · № 2
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 102-б (Бюджеттик уюмдардын өздүк керектөөлөрү үчүн 2019-жылга электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн жылдык…Распоряжение · 16.04.2019 · № 102-р
- Курманбек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-февралындагы № 3 "Курманбек айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше,чыгашаларынын долбоору жана 2024-2025-жылдарга…Постановление · 25.02.2023 · № 3
- Барпы айылдык кеңешинин 2025-жылынын 18-февралындагы №3/1 «Барпы айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше чыгашаларынын долбоорун жана 2026-2027-жылдарга божомолун…Постановление · 18.02.2025 · № 3/1
- Таш-Булак айыл кеңешинин 2019-жылдын 29-январындагы №03 "Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2019-жылга…Постановление · 29.01.2019 · № 03
- Таш-Булак айылдык кеңешинин 2020-жылдын 04-февралындагы № 03 "Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2020- жылга…Постановление · 04.02.2020 · № 03
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 140-б (2016 жана 2017-жылдарга электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын керектөөнүн лимиттерин бекитүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 04.04.2016 · № 140-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 26.12.2018 · № 112
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 140-б (2016 жана 2017-жылдарга электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын керектөөнүн лимиттерин бекитүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 04.04.2016 · № 140-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.