Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 43-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 28-апрели № 156-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттoo кызматы менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ортосунда бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөм боюнча электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү сервисин камсыздоо үчүн пилоттук долбоорду андан ары ишке ашырууга шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 43-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласындагы «бир жолку жөлөкпулду» деген сөздөр «бир жолку төлөмдү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктунда:
экинчи абзацындагы «бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөө жөнүндө жарандардын тиркемеге ылайык форма боюнча» деген сөздөр «бала төрөлгендө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмдү чектөө жөнүндө» деген сөздөр менен алмаштырылсын; алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «- 2018-жылдын 31-июлуна чейинки мөөнөттө пилоттун жыйынтыктарын жалпылап, пилоттук долбоорду ишке ашыруу он жыйынтык берген учурда бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмдү чектөө маселелерин туруктуу негизде жөнгө салууга багытталган сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизишсин;»; төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: «- бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмдү чектөө жөнүндө арыздын формасын иштеп чыгышсын жана биргелешкен буйрук менен бекитишсин.»;
- 2-пунктунда:
экинчи абзацындагы «30-апрелине» деген сөздөр «31-июлуна» деген сөздөр менен алмаштырылсын; үчүнчү абзацындагы «бир жолку жөлөклулду» деген создөр «бир жолку төлөмдү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган буйруктүн тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 43-б "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку жөлөкпулду чектөөнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максаты жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 05.02.2018 · № 43-р
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 29.12.2009 · № 318 · Күчүн жоготкон