Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бала төрөлгөндө „балага сүйүнчү“ бир жолку жөлөкпулду чектөөнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максаты жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 5-февралы № 43-б (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 156-б, 2018-жылдын 31-июлундагы 271-б, 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 422-р буйруктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасынын алкагында бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдүү чектөөнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 156-б, буйругунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын Калкты тейлөө борборлорунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактык бөлүнүштөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын базасында уюштурулган маалыматтык күркөлөрдүн кызматкерлери тарабынан бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдүү чектөө жөнүндө жарандардын арыздарын каттоо боюнча функцияларды аткаруу жана андан ары Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине электрондук форматта өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырышсын;
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 156-б, буйругунун редакциясына ылайык)
- бир жумалык мөөнөттө пилоттук долбоордун алкагында электрондук форматта маалымат алмашуу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн тартибин иштеп чыгып, өздөрүнүн чечимдери менен бекитишсин;
- пилоттук долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан уюштуруу-техникалык мүнөздөгү тиешелүү чараларды көрүшсүн;
- калктын арасында пилоттук долбоор өткөрүү жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн;
- 2019-жылдын 31-мартына чейинки мөөнөттө пилоттун жыйынтыктарын жалпылап, пилоттук долбоорду ишке ашыруу он жыйынтык берген учурда бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмдү чектөө маселелерин туруктуу негизде жөнгө салууга багытталган сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизишсин;»;
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 156-б, 2018-жылдын 31-июлундагы 271-б, 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 422-р буйруктарынын редакцияларына ылайык)
- бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмдү чектөө жөнүндө арыздын формасын иштеп чыгышсын жана биргелешкен буйрук менен бекитишсин;
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 156-б, буйругунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- пилоттук долбоор 2018-жылдын 5-февралынан тартып 2019-жылдын 31-мартына чейин жүзөгө ашырыла тургандыгы;
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 156-б, 2018-жылдын 31-июлундагы 271-б, 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 422-р буйруктарынын редакцияларына ылайык)
- пилоттук долбоордун алкагында бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдү чектөө жөнүндө жарандардын арыздарын каттоо жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ортосунда электрондук форматта маалымат алмашуу акысыз негизде жүргүзүлө тургандыгы.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 156-б, буйругунун редакциясына ылайык)
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жана курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С. Дж.Исаков
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 156-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 156-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 43-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 28.04.2018 · № 156-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-ноябрындагы № 421-б (2014-2019-жылдарга Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын расмий тилде бешинчи мезгилдүү…Распоряжение · 06.11.2019 · № 421-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 422-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 43-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 30.11.2018 · № 422-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 271-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 43-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 31.07.2018 · № 271-р
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 156-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 43-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 28.04.2018 · № 156-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.08.2017 · № 1836-VI · Күчүн жоготкон
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 602 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 100…Постановление · 22.09.2017 · № 602
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго - кырк кадам" ПРОГРАММАСЫПрограмма · 25.08.2017 · № 1836-VI · Күчүн жоготкон