Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Спринтердик аралыкка триатлон боюнча Азия кубогуна жана Борбордук Азия чемпионатына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-04-02.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 2-апрели № 111-б 2018-жылдын 7-8-июлунда Ысык-Көл облусунда спринтердик аралыкка триатлон боюнча Азия кубогун жана Борбордук Азия чемпионатын сапаттуу жана өз убагында өткөрүү максатында, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык:
1. Спринтердик аралыкка триатлон боюнча Азия кубогуна жана Борбордук Азия чемпионатына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруу-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин 2018-жылга каралган каражатынын чегинде спринтердик аралыкка триатлон боюнча Азия кубогун жана Борбордук Азия чемпионатын өткөрүүгө финансылык каражаттарды өз убагында бөлүүнү карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте спринтердик аралыкка триатлон боюнча Азия кубогунун жана Борбордук Азия чемпионатынын катышуучуларын медициналык жаткан тейлөөнү камсыздасын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги спринтердик аралыкка триатлон боюнча Азия кубогу жана Борбордук Азия чемпионаты өтүүчү жана анын катышуучулары жашаган жерлерде коомдук тартипти коргоону камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери визалык колдоону тариздөөдө көмөк көрсөтүшсүн жана Кыргыз Республикасынын кирүү/чыгуу визаларын тариздөөдө жана алууда спринтердик аралыкка триатлон боюнча Азия кубогунун жана Борбордук Азия чемпионатынын катышуучуларын - чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жөнүндө" токтому менен бекитилген Консулдук жыйымдар жөнүндө жобого ылайык консулдук жыйымдарды төлөөдөн бошотушсун.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы спринтердик аралыкка триатлон боюнча Азия кубогунун жана Борбордук Азия чемпионатынын катышуучуларынын, расмий адамдардын жана ардактуу меймандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрсүн, спринтердик аралыкка триатлон боюнча Азия кубогунун жана Борбордук Азия чемпионатынын катышуучуларын - чет өлкөлүк жарандардын тиешелүү документтерин макулдашуу боюнча чечимди ыкчам тартипте кабыл алсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик ушул буйруктан келип чыгуучу бардык зарыл болгон уюштуруу жана даярдоо чараларын көрсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы спринтердик аралыкка триатлон боюнча Азия кубогунун жана Борбордук Азия чемпионатынын катышуучуларынын - чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан ыкчам өтүүсүнө көмөк көрсөтсүн.
10. Төмөнкүлөргө сунушталсын:
- Чолпон-Ата шаарынын мэриясына спринтердик аралыкка триатлон боюнча Азия кубогун жана Борбордук Азия чемпионатын өткөрүүнүн алдында спринтердик аралыкка триатлон боюнча Азия кубогунун жана Борбордук Азия чемпионатынын символикалары бар жарнамалык такталар менен Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүн жасалгалоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына спринтердик аралыкка триатлон боюнча Азия кубогуна жана Борбордук Азия чемпионатына даярдануунун жүрүшүн, өткөрүүнү кеңири чагылдырууну жана көрсөтүүнү камсыздоо.
11. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С. Дж. Исаков
Тиркеме Спринтердик аралыкка триатлон боюнча Азия кубогуна жана Борбордук Азия чемпионатына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Финансы министри; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Чолпон-Ата шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Триатлон федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2012 · № 839
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 28.12.2017 · № 218(23)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 токтому менен бекитилген)Положение · 18.12.2012 · № 839
- Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 22.12.2016 · № 215