КР Президентинин ПБ № 21 «2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилдеги долбоорун жактыруу жөнүндө» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2017-жылдын 25-декабры ПБ № 21 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жээнбеков
Долбоор 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ Мындан ары мүчө мамлекеттер деп аталуучу, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 115-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 10-беренесинин 2-пункту "же эгерде өздөрүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык Жогорку кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укук берилсе, мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн башчылары" деген сөздөр менен толукталсын. 2-берене. Бул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол жоболорду мүчө мамлекеттердин аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону дипломатиялык каналдар боюнча депозитарий алган күндөн баштап күчүнө кирет.
201__-жылы "___" ___________ ________________ шаарында орус тилинде бир түп нускада түзүлдү. Бул Протоколдун түп нускасы Евразия экономикалык комиссиясында сакталат, ал ушул Протоколдун депозитарийи болуп эсептелип, ар бир мүчө мамлекетке анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жиберет.
Армения Республикасы үчүн Беларусь Республикасы үчүн Казакстан Республикасы үчүн Кыргыз Республикасы үчүн Россия Федерациясы үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Калба айылдык кеңешинин 2017-жылдын 25-декабрындагы №21 "Кун тартибинде каралычуу райондук Онугуу фондусунан болунгон акча каражатына Таза-Суу маселесин жакшыртууга ички суу…Постановление · 25.09.2017 · № 21
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 391 "2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги…Постановление · 23.08.2018 · № 391