Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 23-августу № 391
2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
М.Абылгазиев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө 1-берене. 2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 391 токтому менен жактырылган
2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Улуттук жана эл аралык мыйзамдардын ченемдерине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча 2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келери жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбей тургандыгы белгиленди. Протоколдун долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 25-декабрындагы № 21 буйругу менен жактырылган, Протоколго 2018-жылдын 15-мартында Россия Федерациясынын Москва шаарында мамлекет башчылары кол коюшкан. Протокол менен 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 10-беренесинин 2-пунктуна Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин курамына мүчө мамлекеттин башчысы гана эмес, өзүнүн мамлекетинин мыйзамдарына ылайык Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу ыйгарым укуктары берилген мүчө мамлекеттин өкмөт башчысынын дагы кирүү мүмкүндүгүн белгилөө бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Ушул Протоколду ратификациялоо финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен кошумча чыгымдарга алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 4-октябрындагы № 2619-VI "2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө…Постановление · 04.10.2018 · № 2619-VI
- Постановление ЖК КР от 18 октября 2018 года № 2641-VI "О принятии во втором чтении проекта Закона Кыргызской Республики "О ратификации Протокола о внесении изменения в Договор о…Постановление · 18.10.2018 · № 2641-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 14-ноябрындагы № 2692-VI "2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы…Постановление · 14.11.2018 · № 2692-VI
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо…Закон · 13.12.2018 · № 101
- КР Президентинин 2017-жылдын 25-декабрындагы ПБ № 21 "2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколдун расмий…Распоряжение · 25.12.2017 · № ПБ № 21
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон