3-статья. Атмосфералык абаны коргоо боюнча иш-чаралар
Күчүндө · 14.06.2024 редакциясы
Атмосфералык абаны коргоо, калк жана айлана-чөйрөгө жагымсыз кесепеттерди алып келүүчү атмосферага күч менен тийгизүүчү зыяндуу таасирлерди четтетүү жана азайтуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында төмөндөгүдөй иш-чаралар:
- атмосфералык абанын сапатына ченемдер коюу;
- чыгаруулардын атмосфералык абага жайылышына жол берилүүчү жана ага тийгизүүчү зыяндуу табигый таасирлердин ченемдерин бекитүү;
- атмосферага туруктуу жана көчмө булактардан зыяндуу заттарды чыгарууну жөнгө салуу;
- ишкана, курулма жана башка объекттерди жайгаштырууга, долбоорлоого, курууга жана ишке киргизүүгө коюлчу талаптарды белгилөө;
- атмосфералык абаны өндүрүштүк муктаждык үчүн пайдалануу багытындагы талаптарды белгилөө;
- булгоочу заттарды чыгарууга жана өндүрүштүк муктаждыктар үчүн атмосфералык абаны керектөөлөргө ченемдик акыларды белгилөө;
- атмосфералык абага тийгизген зыяндуу таасирлердин эсебин алуу, анын абалына байкоо жана контроль жүргүзүү;
- атмосфералык абаны коргоо жаатындагы укук бузуулардын түрлөрүн чектөө жана алардын бузулушуна жоопкерчилик чараларын көрүүнү белгилөө;
- абанын сапатынын индекси белгиленет жана коомчулукка маалымдоо жүргүзүлөт.
- атмосфералык абаны коргоо боюнча дагы башка чаралар ишке ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 109, 2024-жылдын 14-июнундагы № 99 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 109 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, мамлекеттик тилдеги жөндөмө формаларынын мазмунуна ылайык келбейт
Берененин тексти 14.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 июня 2024 года № 99 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране атмосферного воздуха"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 июня 2003 года №109 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «Об охране атмосферного воздуха»Редакцияларды салыштыруу
14.06.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана алардын бузулушуна жоопкерчилик чараларын көрүүнү белгилөө;
- кошулду: абанын сапатынын индекси белгиленет жана коомчулукка маалымдоо жүргүзүлөт.
- атмосфералык абаны коргоо боюнча дагы башка чаралар ишке ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № алынып салынды: 109 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 109, 2024-жылдын 14-июнундагы № 99 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы №…
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «Об охране атмосферного воздухаЗакон · 24.06.2003 · № 109
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/216/st-3" title="3-статья - Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>