Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПБ № 312 (Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2017-жылдын 6-октябры ПБ № 312
1. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысына жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Ш. Атамбаев
Долбоор Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы, Ташкент шаарында 1996-жылдын 24-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүктүү достук жөнүндө келишимди жетекчиликке алып, достукту, коңшулаш мамилелерди жана кызматташууну өнүктүрүү жана чыңдоо Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп бере тургандыгын жана тынчтык менен коопсуздук ишин арттыра тургандыгын көңүлгө алуу менен, кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасынын (мындан ары - Мамлекеттик чек ара) районунда коопсуздукту жана ишенимди чыңдоо, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо Борбордук Азия регионунда коопсуздукту камсыздоого орчундуу салым кошо тургандыгына терең ишенүү менен, күч колдонбоону же күч колдонуу коркунучун келтирбөөнү өз ара тастыктоо менен, Мамлекеттик чек ара районунда ишенимди жана байланышты андан ары чыңдоого умтулуп, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты: 1-берене. Тараптар Мамлекеттик чек ара районунда тынчтыкты жана туруктуулукту бузуучу жана экинчи Тараптын кызыкчылыктарына коркунуч келтирүүчү кандай болбосун иш-аракеттерди аткарбайт. 2-берене. Достук жана коңшулаш мамилелерди өнүктүрүү, узак мөөнөттүү туруктуулук абалды сактоо, Мамлекеттик чек ара районунда өз ара ишенимди бекемдөө максатында Тараптар төмөнкүдөй чараларды көрөт:
1) Мамлекеттик чек ара районунда аскердик жана атайын машыгууларды өткөрүүнүн орду жана мөөнөтү тууралуу Тараптарга алдын ала кабарлоо;
2) ири масштабдуу аскердик иш-аракеттер жана өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу аскерлердин көчүүлөрү жөнүндө кабарлоо;
3) Мамлекеттик чек ара районунда ар түрдүү коркунучтардын пайда болушун алдын алуу;
4) Мамлекеттик чек ара районунда түзүлгөн жагымсыз абал жөнүндө маалымат алмашуу;
5) Мамлекеттик чек ара районунда чек аралык ведомстволордун аскер кызматчыларынын, атайын кызматтардын, бажы жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ортосунда тыгыз достук байланышын түзүү;
6) өз ара кызыкчылыктарды көздөгөн башка маселелер боюнча маалымат алмашуу.
3-берене. Тараптар төмөнкү тармактар боюнча кызматташат:
1) региондук коопсуздукту жана туруктуулукту илгерилетүү;
2) терроризмге каршы күрөшүү;
3) баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүрүүгө каршы күрөшүү;
4) жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү;
5) Тараптардын жарандарынын мыйзамсыз миграциясына жана Мамлекеттик чек ара аркылуу контрабандалык буюмдарды, куралды, ок-дарыларды, жардыруучу заттарды жана жардыруу иш-аракеттеринин башка каражаттарын өткөрүүгө каршы аракеттенүү;
6) Тараптардын ортосунда өз ара макулдашылган башка ишеним чараларын көрүү.
4-берене. Ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Тараптар алмашкан жана ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө алган маалымат купуя болуп саналат. Ар бир Тарап экинчи Тараптан алган маалыматка карата өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына жана катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык аны ачыкка чыгаруудан жана жоготуп алуудан коргоо боюнча зарыл болгон иш-чаралар комплексин камсыздайт. Экинчи Тараптын билдирилген макулдугусуз мындай маалыматты Тараптар ачыкка чыгарбайт, жарыялабайт жана үчүнчү тарапка өткөрүп бербейт. Ушул Макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда Тараптар ушул берененин жоболорун сакташат. 5-берене.
1. Тараптар Мамлекеттик чек ара районунда өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык чек аралык ведомстволордун аскер кызматчылары, атайын кызматтардын, бажы жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле Тараптардын жарандары тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерин же аракетсиздигин алдын алуу боюнча бардык зарыл болгон чараларды көрүшөт.
2. Эгерде Тараптардын бири Мамлекеттик чек ара районундагы кандайдыр бир иш-аракеттин натыйжасында экинчи Тарапка зыян келтириши мүмкүн болсо, анда аны токтотуу, кырдаал боюнча маалымат алуу жана зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлүшү керек. Тараптардын биринин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында келтирилген зыяндын орду Тараптар катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык толтурат. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн Тараптар биргелешкен комиссия түзүшөт.
6-берене.
1. Мамлекеттик чек ара районунда жагымсыз абал пайда болгон же ушул Макулдашууну экинчи Тарап жагынан аткаруу боюнча Тараптардын бири маселе койгон учурда Тараптар бири-бирине тиешелүү суроо-талаптар менен кайрылууга укуктуу.
2. Пайда болгон маселелерди чечүү үчүн суроо-талап алган Тарап 10 сутканын ичинде (шашылыш учурда 5 сутканын ичинде) жиберген Тараптан келип түшкөн тиешелүү суроо-талапка жооп берүүгө милдеттүү.
Суроо-талап алган Тараптан жооп келип түшкөндөн кийин суроо-талап жиберген Тараптын чечилбеген маселелери калган болсо, ал кошумча түшүндүрмө берүүнү талап кылууга же бул маселелерди талкуулоо үчүн жолугушуу өткөрүүнү сунуштоого укуктуу.
3. Мамлекеттик чек ара районунда түзүлүп жаткан жагымсыз абалга байланыштуу Тараптардын биринде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн суроо-талап алган Тарап өз ыктыяры боюнча суроо-талап жиберген Тарапты маселе жараткан райондорго барып келүүгө чакырышы мүмкүн.
Мындай жолугушууларды өткөрүү шарттарын, анын ичинде чакырылган өкүлдөрдүн санын Тараптар алдын ала макулдашып алат. Аталган жолугушууларды өткөрүү боюнча чыгымдарды аймагына чакырып алган Тарап өзү көтөрөт.
4. Ушул беренеде каралган суроо-талаптар жана алардын жооптору дипломатиялык каналдар боюнча берилет.
7-берене.
1. Тараптар өз ара пайдалуу негизде Мамлекеттик чек ара районунда жайгашкан органдардын ортосунда кызматташуунун төмөнкүдөй түрлөрүн ишке ашырат жана өнүктүрөт:
1) Мамлекеттик чек ара районунда жайгашкан органдардын жетекчилеринин өз ара расмий сапарлары;
2) аскердик делегациялардын жана ар түрдүү деңгээлдеги адистер тобунун таанышуу иретиндеги сапарлары;
3) аскерлердин тиричилигин жана иш-аракетин жакшыртуу маселеси боюнча тажрыйба алмашуу;
4) улуттук майрамдарга, маданий иш-чараларга жана спорттук мелдештерге катышуу үчүн бири-бирин чакыруу;
5) Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча кызматташуунун башка түрлөрү.
2. Кызматташуу пландары дипломатиялык каналдар боюнча макулдашылат.
8-берене.
1. Тараптардын чек аралык ведомстволору өз ара пайдалуу негизде төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну ишке ашырат жана өнүктүрөт:
1) мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюу, Мамлекеттик чек арада тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоо боюнча консультацияларды жана макулдашылган иш-чараларды өткөрүү;
2) Мамлекеттик чек арада мүмкүн болуучу инциденттердин жана жаңжалдык кырдаалдардын алдын алуу;
3) Тараптардын бирине зыян келтириши мүмкүн болгон табигый жана техногендик мүнөздөгү жаратылыш кырсыктары, эпидемия, эпизоотия жана айыл чарба зыянкечтери жайылып кеткен учурда өз убагында кабарлоо жана жардам көрсөтүү;
4) Мамлекеттик чек араны кайтаруу жана чек аралык ведомстволорду даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу;
5) Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча кызматташуунун башка түрлөрү.
2. Кызматташуу пландарын Тараптардын чек аралык ведомстволору макулдашат.
9-берене. Тараптардын чек аралык ведомстволору Мамлекеттик чек араны жана анын режимин бузуп кармалган адамдарга карата гумансыз жана орой мамиле кылбайт. Курал колдонуу Тараптардын улуттук мыйзамдары жана алар катышуучу болуп саналган тиешелүү эл аралык келишимдер менен аныкталат. 10-берене. Бул Макулдашуу Тараптар катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерден келип чыгуучу укуктарына жана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт жана үчүнчү мамлекеттерге каршы багытталган эмес. 11-берене. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө же колдонуу менен байланышкан талаш-тартыштарды жана кайчы пикирлерди Тараптар консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечишет. 12-берене. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 13-берене. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн Тараптардын бири алган күндөн тартып алты ай өткөнгө чейин күчүндө турат. ______________ шаарында 20__-жылдын "__" _____________ эки түп нускада орус тилинде түзүлдү. Тараптар дипломатиялык каналдар боюнча ушул Макулдашуунун өзбек жана кыргыз тилдериндеги тексттер менен алмашат. Ушул Макулдашуунун тексттери бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда орус тилиндеги текст негиз болуп саналат.
Кыргыз Республикасы үчүн
Өзбекстан Республикасы үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.