Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 11-декабры № 804 "Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79 жана 80-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
С.Исаков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене. Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзбек тарабына көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 804 токтому менен жактырылган
Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүү элементи болуп саналат. Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара районунда коопсуздукту жана ишенимди бекемдөө, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо боюнча өз ара кызматташуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу болуп саналат. Макулдашуу региондук коопсуздук жана туруктуулук, терроризмге жана баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга, ошондой эле мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча кызматташууга мүмкүндүк берет. Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашууга кол коюлганга чейин министрликтер жана ведомстволор, 2017-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 6-октябрындагы № 312 буйругу менен жактырылган. Макулдашууга Кыргыз Республикасынын экс-Президенти А.Ш.Атамбаевдин 2017-жылдын 6-октябрындагы Өзбекстан Республикасына расмий иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы кол койгон. Макулдашууну ратификациялоо финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 2121-VI "2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан…Постановление · 21.12.2017 · № 2121-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 2122-VI "2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан…Постановление · 21.12.2017 · № 2122-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 2123-VI "2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан…Постановление · 21.12.2017 · № 2123-VI
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- КР Президентинин 2017-жылдын 6-октябрындагы ПБ № 312 (Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашуунун…Распоряжение · 06.10.2017 · № РП № 312
- 2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашууну…Закон · 19.01.2018 · № 7
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон