Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен Эл аралык Кызыл Крест комитетинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө эл аралык гуманитардык укукту өнүктүрүү жана окутуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна макулдук берүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 2-июну № 201-б Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен Эл аралык Кызыл Крест комитетинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө эл аралык гуманитардык укукту өнүктүрүү жана окутуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр
С. Ш. Жээнбеков
Долбоор Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен Эл аралык Кызыл Крест комитетинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө эл аралык гуманитардык укукту өнүктүрүү жана окутуу жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен Эл аралык Кызыл Крест комитети (мындан ары - ЭККК), мындан ары "Тараптар" деп аталышып, эл аралык гуманитардык укуктун (мындан ары - ЭГУ) максаттарын жана принциптерин сыйлагандыгын ырастап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ЭКККнын ортосунда 2004-жылдын 7-октябрында түзүлгөн Кыргыз Республикасындагы ЭКККнын статусу, артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө макулдашууга негизденип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Тараптар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө ЭГУ жөнүндө билимдерди өнүктүрүү жана жайылтуу жаатында төмөнкүчө кызматташат:
- ЭКККнын, Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарымай коомунун иштери жөнүндө кеңири билүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн ЭКККнын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн эксперттери тарабынан ЭГУ ченемдерин сыйлоого көмөк көрсөтүүгө багытталган окуу курстарын жана семинарларды өткөрүү;
- макулдашылган мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө окутуучулук ишти өнүктүрүү максатында тиешелүү окуу материалдары жана басылмалар менен камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн ЭККК уюштурган эл аралык жана региондук конференцияларга, тегерек столдорго, курстарга жана тренингдерге катышуусу;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү өткөрүүчү аскердик машыгууларга ЭКККнын өкүлдөрүн байкоочу катары чакыруу;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн ЭГУ боюнча окуу программаларын жана тренингдерди өнүктүрүүгө карата сунуштарды жана сунуштамаларды даярдоо;
- ЭКККнын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө материалдык-техникалык жардам көрсөтүшү.
2-берене. Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде аталган иштер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын ЭГУну жана ЭКККны имплементациялоого жооптуу өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушууларынын натыйжалары боюнча жүзөгө ашырылат. Тараптар жыл сайын Кызматташуу планына кол коюшат, анда негизги биргелешкен иш-чаралардын тизмеси, аларды өткөрүү шарттары жана башка зарыл маалыматтар чагылдырылат. Келишимдерди аткарууга мониторинг жүргүзүү, ошондой эле кызматташуунун натыйжаларын пландоо жана талкуулоо максатында Тараптар жумушчу жолугушууларды макулдашуу боюнча өткөрүшөт. 3-берене. Ушул Макулдашууга Тараптардын экөөнүн тең макулдугу боюнча ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Бул Макулдашуунун жоболорун жана аны менен байланышкан иш-чараларды аткарууда кандайдыр-бир кечигүүлөр жана кыйынчылыктар болгон учурда Тараптар бир-бири менен ыкчам тартипте кеңешүүгө жана ар кандай өзгөрүүлөр жөнүндө мурдатан билдирүүгө милдеттенишет. 4-берене. Ушул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Ушул макулдашуу Тараптын бири тарабынан экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кеминде 3 ай мурда алдын ала кабарлоо менен бузулушу мүмкүн. Бишкек шаарында 2017-жылдын ___ ____________ эки нускада, ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде аткарылды, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы үчүн
Кыргыз Республикасынын Эл аралык Кызыл Крест комитети үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.