Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык Кызыл Крест комитетинин (ЭККК) ортосундагы ЗКККнын Кыргыз Республикасындагы статусу, артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө МАКУЛДАШУУ (КР Мыйзамы менен ратификацияланган)
КР 2005-жылдын 12-июлундагы № 100
Мыйзамы менен ратификацияланган
Бишкек шаары
2004-жылдын 7-октябры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык Кызыл
Крест комитетинин (ЭККК) ортосундагы ЗКККнын Кыргыз
Республикасындагы статусу, артыкчылыктары
жана иммунитеттери жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(мындан ары - Өкмөт) жана Эл аралык Кызыл Крест комитети (мындан ары -
ЭККК),
ЭКККнын адамдардын азап чегүүлөрүн жењилдетүү максатында эч кандай
баысмырлоосуз коргоо берүү жана жардам көрсөтүү боюнча жасаган иштерин
эске алып,
Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын жана ЭКККнын Кыргыз Респуб-
ликасы катышуучусу болуп саналган 1949-жылдагы Женева Конвенцияларына
жана 1977-жылдагы аларга карата болгон Кошумча протоколдорго, ошондой
эле Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым ай кыймылынын уставына ыла-
йык ага жүктөлгөн гуманитардык милдеттерди аткарууга болгон ниетин
көњүлгө алуу менен.
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья. ЭКККнын статусу
Ушул Макулдашууга ылайык ЭККК Кыргыз Республикасында эл аралык
өкмөттөр арасындагы уюмдар пайдаланган сыяктуу иммунитеттерден, артык-
чылыктардан, ыйгарым укуктардан жана жењилдиктерден пайдаланат.
2-статья. Укук субъектүүлүгү
ЭККК юридикалык жактын укуктарына ээ. Өкмөт ЭККК өзүнө келишимдер
боюнча милдеттерди алууга, соттордо иш козгоого жана укуктарды алууга,
ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алууга жана аны баш-
карууга укуктуу экендигин тааныйт.
3-статья. ЭКККнын мүлкү жана иммунитеттери
ЭККК, анын мүлкү, каражаттары жана активдери кайда жана кимдин
башкаруусунда экендигине карабастан, ЭККК ачык түрдө өзүнүн иммунитети-
нен баш тарткан айрым учурлардан башка бардык формадагы соттук жана ад-
министративдик иш жүргүзүүлөргө иммунитеттен пайдаланышат.
4-статья. ЭКККнын имараттарынын, мүлкүнүн жана активдеринин кол
тийбестиги
ЭКККнын имараттары кол тийбестикке ээ. ЭКККнын мүлкү жана активде-
ри кайда жана кимдин башкаруусунда экендигине карабастан, типтүү
жүргүзүүгө, реквизициялоого, конфискациялоого, экспроприациялоого жана
аткаруучулук, соттук, административдик же мыйзамдык иш-аракеттер аркы-
луу кандайдыр-бир башка формада кийлигишүүгө карата иммунитеттен пайда-
ланышат.
5-статья. ЭКККнын архивдеринин кол тийбестиги
ЭКККнын архивдери, ошондой эле ага таандык болгон же ал жерде сак-
талган бардык документтер кайсы гана жерде жайгашпасын, кол тийбестикке
ээ.
6-статья. Байланыш каражаттары
1. ЭККК расмий максаттарда жана эч кандай кийлигишүүсүз карым-кат-
наштарды жүргүзүүгө, атап айтканда, Женевадагы ЭКККнын Штаб-квартирасы,
башка тиешелүү эл аралык мекемелер, өкмөттүк структуралар, ошондой эле
юридикалык жана жеке жактар менен байланышууга эњ ыњгайлуу деп тапкан
бардык каражаттарды эркин пайдаланууга укуктуу.
2. ЭККК өз имараттарында радио байланыш жабдууларын орнотууга жана
мамлекеттик аймактын алкагында көчмө шаймандарды пайдаланууга укуктуу.
ЭККК ага бул максатта Эл аралык Телекоммуникациялар союзунун N 10-резо-
люциясына (REV.WRC-2000) ылайык Кыргыз Республикасынын компетенттүү
мамлекеттик бийлик органдары тарабынан ыйгарылган жыштыктарды пайдала-
нат.
3. Расмий байланыштарга тиешелүү болгон бардык учурларда ЭККК
өкмөттөр аралык уюмдарга артыкчылыктар, тарифтер жана салыктар жаатында
берилген режимдеги ыњгайлуулуктан кем эмес болгон режимден пайдаланат.
4. ЭККК өз корреспонденциясын курьердик вализаларда жөнөтүүгө жана
алууга укуктуу. Мындай вализалар алардын сыртында вализалардын мүнөзүн
көрсөтүүчү көрүнүктүү тышкы белгилер болуп, кызматтык пайдаланууга ба-
гытталган документтерди жана буюмдарды гана камтыган шартта дипломаттык
курьерлер жана вализалар пайдаланган артыкчылыктардан жана иммунитет-
терден пайдаланышат.
7-статья. ЖККнын отчетторунун, корреспонденцнясынын жана башка
байланыш каражаттарынын жашырындуулугу
Кыргыз Республикасы ЭКККнын отчетторунун, корреспонденциясынын жа-
на башка байланыш каражаттарынын жашырындуулугун сактоо милдетин алат.
Бул өзүнө алардын мазмунун каралган алуучулардан айырмаланган адамдарга
жана/же уюмдарга ачпоону жана ЭКККнын жазуу жүзүндөгү алдын-ала макул-
дугусуз сот ишинин жүрүшүндө пайдаланбоону камтыйт.
8-статья. ЭКККнын финансылык ресурстары
1. ЭККК улуттук же чет элдик валютаны, же болбосо, башка финансы-
лык активдерди ээлөөгө, ошондой эле валюталарды алмашууну жана буга
байланышкан башка маселелерди жөнгө салуучу мыйзамдар жана эрежелер ме-
нен чектелбестен, эсептерин каалаган валютада кармоого укуктуу.
2. ЭККК улуттук же чет элдик валютадагы каражаттарын өлкөгө,
өлкөдөн жана өлкөнүн ичинде эркин которууга, ошондой эле мындай актив-
дерди башка валютага эркин алмаштырууга укуктуу.
9-статья. Салыктардан бошотуу
1. ЭККК, расмий пайдаланууга багытталган анын активдери, кирешеле-
ри жана менчиги кызмат көрсөтүүлөрдүн конкреттүү түрлөрү үчүн алынган
жыйымдарды эске албаганда, бардык тике салыктардан бошотулат.
2. ЭККК кызматтык пайдаланууга жана ЭКККнын Кыргыз Республикасында
жардам көрсөтүү боюнча программаларына, же болбосо, башка мамлекетке
багытталган маанилүү товарларды жана буюмдарды сатып алууда кошумчалан-
ган нарк салыгынан бошотулат. Өкмөт мындай салыктан бошотуу же анын ор-
дун толтуруу боюнча зарыл чараларды көрөт.
10-статья. Бажы алымдарынан бошотуу
1. ЭККК Кыргыз Республикасынын аймагында кызматтык пайдаланууга
багытталган буюмдарга (анын ичинде, ЭКККнын басылмаларына жана ау-
дио-видео материалдарга) жана ЭКККнын Кыргыз Республикасында же башка
мамлекетте жардам көрсөтүү боюнча программаларына багытталган буюмдарга
карата бажы алымдарынан же башка ушул сыяктуу жыйымдардан, ошондой эле
импорттук, экспорттук же транзиттик чектөөлөрдөн жана тыюу салуулардан
бошотулат.
2. ЭККК Кыргыз Республикасында же башка өлкөлөрдө адамдардын
өмүрлөрүнө жана ден соолуктарына коркунуч туудурган табигый кырсыктар,
кыйроолор, авариялар, өзгөчө жана куралдуу кагылыштар сыяктуу башка
кырдаалдар пайда болгон учурларда гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн
жүктөрдү аба транспорту менен ташууда аэронавигациялык жыйымдардан бо-
шотулат.
11-статья. Өкүлчүлүктүн мүчөлөрүнүн статусу
1. ЭКККнын Өкүлчүлүгүнүн эл аралык персоналынын мүчөлөрүнө, алардын
багуусунда турган алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Бириккен Улуттар Уюмунун
артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө 1946-жылдын 13-февралындагы
Конвенциянын жоболоруна ылайык БУУнун эксперттерине берилген сыяктуу
статус берилет.
2. ЭКККнын эл аралык персоналынын мүчөлөрү жеке кармоого, жеке
жүккө камак коюуга жана алар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып
жатканда жасаган жана/же жасабаган иш-аракеттерге байланышкан сот про-
цессинин бардык формаларына карата имунитеттен пайдаланышат. Мындай им-
мунитет жогоруда аталган кызматкерлер ЭКККдагы кызматтан кеткен учурда
дагы өз күчүндө кала берет, алар күбө катары чакырылышы мүмкүн эмес.
3. ЭКККнын эл аралык персоналынын мүчөлөрүнүн кагаздары жана доку-
менттери кол тийбестикке ээ.
4. ЭКККнын Өкүлчүлүгүнүн эл аралык персоналына жана алардын
үй-бүлө мүчөлөрүнө иммиграция жана чет элдиктерди каттоо боюнча эч кан-
дай чектөөлөр таркатылбайт.
5. ЭКККнын Өкүлчүлүгүнүн эл аралык персоналынын мүчөлөрү жана
алардын үй-бүлөлөрү жалпы аскердик милдеттен бошотулат.
6. Кызматтарына биринчи ирет киришкенде жана Кыргыз Республикасына
келген күндөн тартып 6 айдын ичинде ЭКККнын Өкүлчүлүгүнүн эл аралык
персоналынын мүчөлөрү өздөрүнүн жеке мүлктөрүн жана эмеректерин алымсыз
ташып келүүгө укуктуу. Бул жобо эл аралык персоналдын мүчөлөрү мамле-
кеттен кетип бара жатканда дагы колдонулат.
7. ЭКККнын Өкүлчүлүгүнүн эл аралык персоналынын мүчөлөрү өздөрүнүн
жеке мүлктөрүн Кыргыз Республикасында дипломатиялык миссиялардын
мүчөлөрүнө берилген сыяктуу шарттарда сатууга укуктуу.
8. Ички тартип бузуулар же куралдуу кагылыш болгон учурда ЭКККнын
Өкүлчүлүгүнүн эл аралык персоналынын мүчөлөрү жана алардын үй-бүлө
мүчөлөрү мамлекеттин аймагынан чыгып кетүү ниетин билдирсе, анда аларга
алар өздөрү эњ коопсуз жана ылдам деп тапкан жол аркылуу өлкөдөн чыгып
кетүүгө зарыл болгон шарттар түзүдөт.
9. ЭКККнын Өкүлчүлүгүнүн эл аралык персоналынын мүчөлөрү валюталык
режимге карата БУУнун эксперттерине берилгендей жењилдиктерден пайдала-
нышат.
10. ЭКККнын Өкүлчүлүгүнүн эл аралык персоналынын мүчөлөрү айлык
акысына жана башка түрдөгү сыйакыларга коюлган бардык салыктардан бошо-
тулат.
11. Жогоруда аталган артыкчылыктар менен иммунитеттерге кошумча
иретинде, ЭКККнын Региондук Өкүлчүлүгүнүн башчысы, анын орун басары жа-
на алардын багуусундагы жубайлары жана үй-бүлө мүчөлөрү Дипломатиялык
мамилелер жөнүндө 1961-жылдын 18-апрелиндеги Вена конвенциясына ылайык
Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломаттык өкүлдөргө ыйгарылган
статустан пайдаланышат.
12. ЭКККнын Өкүлчүлүгүнүн Кыргыз Республикасынын жарандары болуп
эсептелген же Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган мүчөлөрү, ошондой
эле ЭКККнын башка эл аралык эмес персоналы 1-11-пункттарда белгиленген
иммунитеттерден, артыкчылыктардан жана жењилдиктерден пайдалана алыш-
пайт. Бирок, буга өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатканда алар
тарабынан жасалган же жасалбаган иш-аракеттерге байланышкан соттук им-
мунитет жана көрсөтүмдөрдү берүүгө карата иммунитет кирбейт, мындай им-
мунитеттер персоналдын мүчөлөрү ЭКККнын Өкүлчүлүгүндөгү кызматтарынан
кеткен учурда дагы сакталат.
13. ЭКККнын Өкүлчүлүгү тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына
Кыргыз Республикасында иштөөчү кызматкерлердин Кыргыз Республикасына
келиши жана андан кетиши, алардын кызматтары жана милдеттери жөнүндө
билдирет.
14. ЭКККнын Өкүлчүлүгүнүн ушул Макулдашууга ылайык артыкчылыктар
менен иммунитеттерден пайдаланган мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын эге-
мендүүлүгүн жана мыйзамдарын урматтоого жана Кыргыз Республикасынын
укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү иш-аракет-
терди жасабоого милдеттүү.
15. Ушул статьяга ылайык иммунитеттен пайдаланган адамдарга Кыргыз
Республикасынын аймагын тартып кетүү сунушу берилиши мүмкүн эмес, мын-
дай сунуш Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломаттык өкүлдөргө
карата колдонулган жол-жобого ылайык гана берилет.
12-статья. ЭКККнын убактылуу миссия менен келген өкүлдөрү
ЭКККнын Кыргыз Республикасына убактылуу миссия менен келген
өкүлдөрү 11-статьянын 2, 3, 4, 5, 8, 9 жана 10-пункттарында баяндалган
артыкчылыктар менен иммунитеттерден пайдаланышат.
13-статья. Өздүк күбөлүк жана командировкалык күбөлүк
1. ЭКККнын Өкүлчүлүгүнүн эл аралык персоналынын мүчөлөрүндө жана
ЭКККнын убактылуу миссия менен келген өкүлдөрүндө "Өздүк күбөлүк жана
командировкалык күбөлүк" аттуу документтер болууга тийиш. Бул документ-
тер алардын ээлеринин ким экендигин ырастайт жана ЭКККнын кызматкерлери
катары статустарын күбөлөндүрөт.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары мындай до-
кументти чыныгы жолдо жүрүүчү документ катары тааныйт. Документтин ээси
аны көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтөт жана
мамлекеттин ичинде ары-бери жүрө алат.
14-статья. Келген мамлекет менен кызматташуу
1. ЭККК ушул Макулдашууда каралган артыкчылыктарды, имунитеттерди
жана жењилдиктерди кыянаттык менен пайдалануунун формаларын болтурбоо
максатында мамлекеттик бийлик органдары менен кызматташат.
2. Эгерде Өкүлчүлүктүн кандайдыр бир мүчөсүнө берилген иммунитет
ЭКККнын пикири боюнча сот адилеттигине жетүүгө тоскоолдук кылып жатса
жана мындай иммунитеттен ЭКККнын кызыкчылыктарына зыян келтирбестен баш
тартууга мүмкүн болсо, анда ЭККК мындай иммунитеттен баш тарта алат.
15-статья. Чечмелөө
Бул Макулдашуу анын ЭКККга өзүнүн милдеттерин жана функцияларын
толук дењгээлде жана натыйжалуу аткарууга жана өз программаларын ишке
ашырууга мүмкүндүк берүүдө турган негизги максаттарын эске алуу менен
чечмеленет.
16-статья. Талаштарды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салуу
1. Ушул Макулдашуунун Тараптарынын ортосунда бул Макулдашууну чеч-
мелөөгө же колдонууга байланыштуу келип чыккан ар кандай талаш-тартыш-
тар Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынат.
2. Тараптар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын жа-
на ЭКККнын анын иш-аракеттерине байланышкан кызыкчылыктарын эске алы-
шат. Алар бардык талаш-тартыштарды жөнгө салуу ак ниеттүүлүк жана тењ
укуктуулукта, ошондой эле Тараптардын ортосундагы жылуу мамилелерди
сактоого зарыл болгон ањ-сезимдүүлүктүн негизинде жүргүзүлүшү үчүн кол-
дон келген аракеттерин жасашат.
17-статья. Бул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү
Тараптардын макулдугу боюнча бул Макулдашуунун текстине
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуу-
нун ажырагыс бөлүгү болуп саналган атайын Протоколдор менен таризделет.
18-статья. Күчүнө кириши
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып убактылуу колдонулат жана
Өкмөт ЭКККга Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик
ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирген күндөн
тартып күчүнө кирет.
19-статья. Макулдашуунун колдонулушун токтотуу
Тараптардын ар бири өзүнүн Макулдашуунун колдонулушун токтотуу
жөнүндөгү чечимин алты айдан кем эмес убакта экинчи Тарапка жазуу
жүзүндө билдирүү жолу менен ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото
алат.
Бишкек шаарында 2004-жылдын 7-октябрында ар бири кыргыз, англис
жана орус тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер
бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип
чыккан учурда орус жана англис тилдериндеги тексттер артыкчылыктуу
күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Эл аралык Кызыл Крест
Өкмөтү үчүн комитети үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Конвенция о привилегиях и иммунитетах Организации Объединенных Наций ( Кыргызская Республика присоединилась Законом КР от 16 января 1999 года № 8)Конвенция · 13.02.1946
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Эл аралык Кызыл Крест комитетинин (ЭККК) ортосунда Кыргыз Республикасында…Постановление · 12.01.2005 · № 9