Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү:жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 26-апрели № 131-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 127-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын, корголушун жана ар тараптан натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында, Бишкек шаарында 2016-жылдын 24-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин ортосундагы протоколго, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:";
- 1-пунктта:
төртүнчү абзацындагы "Музейди реконструкциялоонун кадамдык планын иштеп чыксын жана бекитсин" деген сөздөр "Музейди капиталдык оңдоонун биринчи этабын аяктасын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "- иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча конкурстук комиссия "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлсүн.";
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзац менен толукталсын:
"- жаңы экспозициянын Концепциясы жана тематикалык түзүмү бекитилсин;
- жаңы экспозицияны Концепцияга ылайык жайгаштыруу уюштурулсун.".
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 127-б (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо тууралу) буйругуРаспоряжение · 25.03.2016 · № 127-р
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 127-б (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо тууралу) буйругуРаспоряжение · 25.03.2016 · № 127-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон