Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо тууралу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 25-марты № 127-б (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 131-б, 2017-жылдын 2-майындагы № 133-б буйруктарынын редакцияларына ылайык) Тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын, корголушун жана ар тараптан натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында, Бишкек шаарында 2016-жылдын 24-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин ортосундагы протоколго, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 131-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейин (мындан ары - Музей) жарыш долбоорлоо жана реконструкциялоо боюнча бирдиктүү заказчы болсун;
- белгиленген тартипте Музейди реконструкциялоонун жумушчу долбоорун адаптациялоону жүргүзсүн;
- Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (мындан ары - ТИКА) менен бирге Музейди капиталдык оңдоонун биринчи этабын аяктасын.
- Музейди долбоорлоо жана капиталдык оңдоо үчүн башкы подрядчы уюмду аныктоо боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия түзсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 131-б, 2017-жылдын 2-майындагы № 133-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- реконструкциялоо жүргүзүү убагында Музейди 2016-жылдын 25-мартынан тартып 2017-жылдын сентябрына чейин келүүчүлөр үчүн жапсын;
- ТИКА тарабынан берилген жардамдын эсебинен лениндик тематика боюнча шыпка тартылган сүрөттөрдү, барельефтерди, айкелдерди жана айкелдик композицияларды демонтаждоо боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
- жаңы экспозициянын Концепциясы жана тематикалык түзүмү бекитилсин;
- жаңы экспозицияны Концепцияга ылайык жайгаштыруу уюштурулсун.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 131-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген сметага ылайык акча каражатын издеп тапсын;
- "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин;
- тиешелүү оңдоолор кабыл алынганга чейин ушул буйруктан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин параметрлерин өзгөртүүнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашсын.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-майындагы № 133-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Музейди реконструкциялоо мезгилинде Музейдин имаратын жана аймагын кайтарууну камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 135-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т. А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-майындагы № 133-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 127-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 02.05.2017 · № 133-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 131-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 127-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү :жөнүндө)…Распоряжение · 26.04.2017 · № 131-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 135-б (Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев менен Туркия Республикасынын Президенти Р.А.Эрдогандын ортосунда 2014-жылы…Распоряжение · 30.03.2015 · № 135-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 22.12.2016 · № 215
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 135-б (Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев менен Туркия Республикасынын Президенти Р.А.Эрдогандын ортосунда 2014-жылы…Распоряжение · 30.03.2015 · № 135-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.