Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Салык кызматы органдарынын маалыматтык системасын техникалык колдоого жана коштоого Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына каражаттарды бѳлүү жана «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун киргизүү жѳнүндө) буйругу.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 25-октябры № 457-б Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруусунун маалыматтык системасын иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана коштоо боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- салык кызматы органдарынын маалыматтык системасын техникалык колдоого жана коштоого Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына 8,7 млн (сегиз миллион жети жуз мин) сом бѳлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүу тууралуу мыйзамдын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 31.12.2015 · № 233