Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 23-сентябры № 404-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен кызматташуу маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 71-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтү, 1997-жылдын 8-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндө келишиминде бекитилген стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө Тараптардын мамлекеттеринин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарын көңүлгө алуу менен, Мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы бирлигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралар планы ("жол картасы") жөнүндө", ошондой эле 2014-жылдын 10-октябрындагы № 75 "Евразия экономикалык бирлигинин түзүлүшүн эске алуу менен Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын бирдиктүү экономикалык мейкиндигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралар планы ("жол картасы") жөнүндө" (мындан ары - жол карталары) чечимдеринин маанилүүлүгүн таанып, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин 2014-жылдын 7-ноябрында Астана шаарында кол коюлган № 2 "Евразиялык интеграция шарттарында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө" чечимин колдонуп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана евразиялык экономикалык интеграция жолу боюнча илгерилетүүгө кызыкдар экендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кошулганын эске алуу менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Казакстан Тарап Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине интеграциялануу процессине көмөк көрсөтүү максатында кыргыз Тарапка 100 млн. АКШ долларына эквиваленттүү жардам көрсөтөт. 2-берене. Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн жардам кыргыз Тарапка жол карталарында каралган иш-чараларды ишке ашырууга этап-этабы менен берилет жана Техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө Тараптардын ортосундагы өзүнчө протоколдорго ылайык кызмат көрсөтүүлөр, жабдуулар, товарлар, окутуу, акча каражаттары түрүндө берилиши мүмкүн. 3-берене. Кыргыз Тарапка жардам берүү тартиби, ошондой эле анын ишке ашырылышын контролдоо механизми Тараптардын ортосундагы өзүнчө протокол менен аныкталат. 4-берене. Ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу келип чыккан пикир келишпестиктерди жана талаш-тартыштарды Тараптар консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен жөнгө салышат. Эгерде Тараптар пикир келишпестиктерди жана талаш-тартыштарды Тараптардын бирине жиберилген сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө расмий жазуу жүзүндөгү өтүнүч дипломатиялык каналдар боюнча келип түшкөн күндөн тартып 6 айдын ичинде жөнгө салышпаса, анда талашкан Тараптардын кимиси болбосун бул талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин кароосуна бере алат. 5-берене. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана ушул Макулдашуунун 6-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделет. 6-берене. Ушул Макулдашуу дипломатиялык каналдар боюнча бул Макулдашуунун жана ушул Макулдашуунун 3-беренесинде аталган протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүлөр алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуу Тараптар ушул Макулдашуудан келип чыккан бардык милдеттенмелерди аткаргандан кийин колдонулушун токтотот. ___________________ шаарында 2016-жылдын "__" ___________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн КР 2017-жылдын 16-майындагы № 283 "“2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын…Постановление · 16.05.2017 · № 283
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 71-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында…Распоряжение · 02.03.2015 · № 71-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Договор о вечной дружбе между Кыргызской Республикой и Республикой Казахстан (Ратифицирован Законом КР от 24 июля 1998 года № 112)Договор · 08.04.1997
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 71-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында…Распоряжение · 02.03.2015 · № 71-р · Күчүн жоготкон