Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашуунун жактырылышы жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 23 сентября 2016 года № 404-р (Об одобрении проекта Соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Республики Казахстан о развитии экономического сотрудничества в условиях евразийской экономической интеграции)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-09-23.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-сентябрындагы № 404-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 2-марты № 71-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Kыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтү, 1997-жылдын 8-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндө келишиминде бекитилген стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө Тараптардын мамлекеттеринин узак меөнөттүү кызыкчылыктарын көңүлгө алуу менен, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 20!4-жылдын 29-майындагы № 74 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралар планы ("жол картасы") жөнүндө" жана 2014-жылдын 10-октябрындагы № 75 "Евразия экономикалык союзунун түзүлүшүн эске алуу менен Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын бирдиктүү экономикалык мейкиндигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралар планы ("жол картасы'') жөнүндө" (мындан ары - жол картасы) чечимдеринин маанилүүлүгүн таанып, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин Астана шаарында кол коюлган 2014-жылдын 7-ноябрындагы № 2 "Евразиялык интеграция шарттарында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө" чечимин колдонуп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана евразиялык экономикалык интеграция жолу боюнча илгерилетүүгө кызыкдар экендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге кошулуу жана Евразия экономикалык союзунун толук укуктуу мүчөсү болуу ниетин эске алуу менен, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты: 1-берене Казакстан Тарап Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзуна интеграциялануу процессине көмек көрсөтүү максатында кыргыз Тарапка 100 млн АКШ долларына эквиваленттүү жардам керсөтөт, 2-берене Ушул Макулдашуунун 1 -беренесинде көрсөтүлгөн жардам жол карталарында каралган иш-чараларды ишке ашыруу үчүн кыргыз Тарапка ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып бир жылдын ичинде этап-этабы менен берилет жана өзүнчө Протокол менен бекитилүүчү сметага ылайык кызмат көрсетүүлөр, жабдуу, товарлар, окутуу, акча каражаттары түрүндө берилиши мүмкүн. 3- берене Кыргыз Тарапка жардам берүү тартиби, ошондой эле аны ишке ашырууну контролдоо механизми өзүнчө Протокол менен бекитилет, 4- берене Бул Макулдашуунун 2 жана 3-беренелеринде көрсөтүлгөн протоколдор ушул Макулдашуунун 7-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирет. 5- берене Ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууга же чечмелеегө байланыштуу келип чыккан пикир келишпестиктерди жана талаш-тартыштарды Тараптар консультацияларды жана сүйлешүүлөрдү жүргүзүү жолу менен жөнгө салышат. Эгерде Тараптар пикир келишпестиктерди жана талаш-тартыштарды Тараптардын бирине жиберилген сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө расмий жазуу жүзүндегү өтүнүч дипломатиялык каналдар боюнча келип түшкөн күндөн тартып 6 айдын ичинде жөнгө салышпаса, анда' талаш-тартыштын Тараптарынын кимиси болбосун бул талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин кароосуна бере алышат. 6- берене Тараптардын өз ара макулдуту боюнча ушул Макулдашууга езгертүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана ушул Макулдашуунун 7-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделет. 7-берене Ушул Макулдашуу дипломатиялык каналдар боюнча бул Макулдашуунун жана ушул Макулдашуунун 2 жана 3-беренелеринде керсетүлгөн протоколдордун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Макулдашуу бул Макуддашууда, ошондой эле ушул Макулдашуунун 2 жана 3-беренелеринде көрсөтүлгөн протоколдор до каралган бардак милдеттенмелер аткарылган учурдан тартып колдонулушун токтотот. ______ шаарында 2015-жылдын «_____»______ эки түп нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчке ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Договор о вечной дружбе между Кыргызской Республикой и Республикой Казахстан (Ратифицирован Законом КР от 24 июля 1998 года № 112)Договор · 08.04.1997
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-сентябрындагы № 404-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция…Распоряжение · 23.09.2016 · № 404-р