Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (2016-жылга региондор боюнча Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын иммиграциясынын чектик санын белгилөөчү иммиграциялык квотаны аныктоо тууралу) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-03-03.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 3-марты № 86-б Кыргыз Республикасындагы иммиграциялык процесстерди мамлекеттик жөнгө салуу максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүн көңүлгө алуу менен:
1. 2016-жылга региондор боюнча Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын иммиграциясынын чектик санын белгилөөчү иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык келтирүү максатында "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун эки айлык мөөнөттүн ичинде иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүгүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Тиркеме 2016-жылга региондор боюнча Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын иммиграциясынын чектик санын белгилөөчү иммиграциялык КВОТА
Региондун аталышы
Саны (адам)
Бишкек шаары
550
Ош шаары
45
Баткен облусу
20
Жалал-Абад облусу
30
Ысык-Көл облусу
15
Нарын облусу
10
Ош облусу
45
Талас облусу
10
Чүй облусу
250
Бардыгы
980
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 87-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо тууралу) буйругуРаспоряжение · 03.03.2016 · № 87-р
- Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу МыйзамыЗакон · 26.07.2011 · № 127
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон