3-статья. Саясий партияларды түзүүнүн жана ишинин максаттары менен принциптери
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 21 января 2025 года № 17
3-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 3-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Саясий партиялар калктын белгилүү бир бөлүгүнүн саясий эркин ишке ашыруу максатында түзүлөт жана мамлекеттик башкаруу иштерине: Жогорку Кеңешке, мамлекеттик кызматтарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо үчүн өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүү; өкүлчүлүктүү органдарда фракцияларды түзүү түрүндө катышууну негизги максаты катары коюшат. Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн кулатуу, күч менен өзгөртүү, эгемендүүлүгүнүн кедерин кетирүү жана анын аймагынын бүтүндүгүн бузуу, согушту, зордук-зомбулукту жана ырайымсыздыкты пропагандалоо, социалдык, расалык, улуттук жана диний чыр-чатакты жана кастыкты тутандыруу, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө каршы келген жана эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерине коошпогон башка жосундарды жасоо максатын көздөгөн саясий партияларды түзүүгө жана алардын ишине жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө жол берилбейт: чет мамлекеттердин саясий партияларын, ошондой эле алардын бөлүмдөрүн түзүүгө жана алардын иштөөсүнө; диний негизде саясий партияларды түзүүгө, ошондой эле саясий партиялардын диний ишке катышуусуна. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 17 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 21 января 2025 года № 17 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в религиозной сфере"Редакцияларды салыштыруу
21.01.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана алардын ишине жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын аймагында кошулду: төмөнкүлөргө жол берилбейт:
чет мамлекеттердин саясий партияларын, ошондой эле алардын алынып салынды: кичи бөлүмдөрүн түзүүгө жана алардын алынып салынды: ишине жол берилбейт.кошулду: иштөөсүнө;
диний негизде саясий партияларды түзүүгө, ошондой эле саясий партиялардын диний ишке катышуусуна.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 17 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (2)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 4-сентябры №10-р" "Ишенбай Дюшенбиевич Кадырбековдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз…Сот практикасы · Решение · 04.09.2019 · № 10-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 4-июнундагы № 32-р ("Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Сот практикасы · Решение · 04.06.2014 · № № 32-р
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 4-сентябры №10-р" "Ишенбай Дюшенбиевич Кадырбековдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз…Решение · 04.09.2019 · № 10-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 4-июнундагы № 32-р ("Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Решение · 04.06.2014 · № № 32-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-августундагы № 425 "Саясий партиялардын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 18.08.2020 · № 425
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-мартындагы № 144 "Кыргыз Республикасынын аскердик уюмдарына парламенттик контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 06.03.2006 · № 144 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/215/st-3" title="3-статья - Саясий партиялар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>