19-статья. Кирешелерди пайдалануу
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы
Саясий партиялар мыйзамдарда каралган тартипте юридикалык жактын укуктарына ээ болгон ишканаларды жана уюмдарды өздөрүнүн уставдык милдеттерин аткаруу максатында гана түзүшөт. Бул ишканалардын жана уюмдардын ишинен алынган кирешелер партиянын мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлүшү мүмкүн эмес жана уставдык милдеттерге жетишүү үчүн гана пайдаланылат. Партиянын мүчөлөрү ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөндөн башка учурларда, бул ишканалардын жана уюмдардын кирешелерине жана мүлкүнө укуктуу болбойт, ошондой эле алардын карызы үчүн жоопкерчилик тартпайт. Уставдын талаптарына карабастан, кирешелерди кайрымдуулук максаттарына жана боорукердик актылары үчүн пайдаланууга жол берилет.
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/215/st-19" title="19-статья - Саясий партиялар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>