18-статья. Саясий партиялардын менчиги
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы
Саясий партиялардын жана алардын уюмдарынын менчигинде кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, жабдуулар, шаймандар, басмалар, басмаканалар, ошондой эле уставдык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка мүлк болушу мүмкүн. Партиялар юридикалык же жеке жактар менен түзүлгөн ссуда же ижара жөнүндө келишимге ылайык имараттарды жана башка мүлктү пайдаланууга укуктуу. Партияларга курал-жаракты, жарылуучу заттарды жана коомдун коопсуздугуна жана экологияга, ошондой эле жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген башка материалдарды өзүндө кармоого, жыйнап коюуга жана сактоого тыюу салынат.
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/215/st-18" title="18-статья - Саясий партиялар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>