Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 14-январы № 8-б Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун тартиби тууралуу аткаруу протоколунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине жогоруда аталган Макулдашуунун жана Аткаруу протоколунун долбоорлоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казахстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтү, өздөрүнүн мамлекеттеринин ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди, ошондой эле ар кандай тармактардагы кызматташууну, анын ичинде мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштү өнүктүрүүгө аракеттенүүнү жетекчиликке алып, Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин аймагында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн аныкталган тартиптерди бузган адамдарды кайра кайтаруу, кабыл алуу жана өткөрүп берүүнү аныктаган, макулдашылган принциптерди жана ченемдерди аракетке киргизүү миграция процесстерин жөнгө салуунун негизги бөлүгү, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүгө кошкон салым экендигине ынанып, Тараптардын мамлекеттеринин аймагында же алардын аймагы аркылуу өткөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тарабынан мыйзамсыз миграция үчүн мыйзамда каралган жоопкерчиликти аныктай ала турган эгемендүү укуктарын сыйлап, ушул Макулдашуу Тараптардын мамлекетинин эл аралык укук боюнча укуктарын, ошону менен бирге 1948-жылдын 10-декабрындагы Адам укугунун жалпы декларациясында, 1951-жылдын 28-июлундагы Качкындардын статусу жөнүндө конвенцияда жана 1967-жылдын 31-январындагы Качкындардын статусуна караштуу протоколунда; 1984-жылдын 10-декабрындагы Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнө каршы конвенцияда бекитилген эл аралык укуктук ченемдерин, милдеттенмелерин жана жоопкерчиликтерин кемсинтпөөнү айрыкча белгилөө менен, Тараптардын мамлекеттеринин миграция жаатындагы улуттук мыйзамдарын өнүктүрүүгө карата өсүп жаткан кызыкчылыктарын белгилеп, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты: 1-берене. Аныктамалар Ушул Макулдашууда пайдаланылуучу аныктамалар төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
а) "реадмиссия" - ушул Макулдашууда каралган тартипте, шарттарда жана максаттарда, суроочу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдарынын суроочу Тараптын аймагында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн мыйзам чегинде аныкталган кирүү, чыгуу жана жүрүү тартибин бузган адамдарды тапшыруусу жана суралуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдарынын аларды кабыл алуусу;
б) "суроочу Тарап" - ушул Макулдашууга ылайык реадмиссия же адамды транзиттөө жөнүндө суроо-талапты жиберген Тарап, мамлекеттин борбордук компетенттүү органы;
в) "суралуучу Тарап" - ушул Макулдашууга ылайык мамлекеттин борбордук компетенттүү органынын дарегине реадмиссия же адамды транзиттөө жөнүндө суроо-талапты жиберген Тарап;
г) "компетенттүү органдар" - ушул Макулдашууну ишке ашырууга катышуучу Тараптардын мамлекеттеринин органдары;
д) "борбордук компетенттүү органдар" - ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча негизги милдеттер жүктөлгөн Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары;
е) "мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункту" - Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына же каалаган мамлекетке таандык адамдардын мамлекеттик чек араны кесип өтүүсүнө багытталган эл аралык келишимдерине ылайык белгиленген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу же Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункту;
ж) "Аткаруу протоколу" - ушул Макулдашууну ишке ашыруунун тартиби жөнүндө протокол.
2-берене. Тараптардын мамлекеттеринин жарандарын реадмиссиялоо
1. Суралуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдары суроочу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдарынын суроо-талабы боюнча суроочу Тараптын мамлекетинин аймагына кирген же чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүү, чыгуу жана жүрүү маселелери боюнча бул мамлекеттин мыйзамдарын бузуу менен жүргөн адамдарды кабыл алат, эгерде алар суралуучу Тараптын мамлекетинин жарандары деп белгиленсе.
2. Зарыл учурларда суралуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдары өткөрүп берилүүчү адамдарга өзүнүн мамлекетинин аймагына кирүү үчүн керектүү документтерди беришет.
3. Тараптардын биринин мамлекетинин адамдарынын жарандыгын аныктаган документтердин тизмеги Аткаруучу протоколдо келтирилген.
Тараптар ушул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 30 календарлык күндүн ичинде дипломатиялык каналдар аркылуу ушул пункттун биринчи абзацында аталган документтердин үлгүлөрүн алмашышат. Андан ары ар бир Тарап мындай документтердеги бардык өзгөрүүлөр жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу башка Тарапка токтоосуз билдирет.
4. Эгерде ушул берененин 3-пунктунда аталган бир да документ берилбесе, Тараптардын мамлекеттик компетенттүү органдары суроочу Тараптын мамлекетинин аймагында реадмиссияланууга тийиш болгон адам менен анын жарандыгы жөнүндө маалымат алуу максатында аңгемелешүү жүргүзүү жөнүндө сүйлөшүшөт.
5. Эгерде адамды бергенден кийин суралуучу Тараптын мамлекеттик компетенттүү органдары тарабынан аталган адамды реадмиссиялоо үчүн негиздердин жоктугу жөнүндө күбөлөндүрүүчү текшерүүнүн жыйынтыгы алынса (жаңылыш реадмиссия), суроочу Тараптын компетенттүү органдары аны өткөрүп берген күндөн тартып 30 календарлык күндүн ичинде берген адамды кайра кабыл алат. Мындай учурда суралуучу Тараптын мамлекеттик борбордук компетенттүү органы ал адамга тиешелүү өзүндөгү материалдарды суроочу Тараптын мамлекеттик борбордук компетенттүү органына өткөрүп берет.
3-берене. Реадмиссия жөнүндө суроо-талап жөнөтүү
1. Ушул Макулдашуунун 2-беренесинин 1-пунктунда каралган шарттардын бирине ылайык реадмиссияланууга тийиш болгон адамды жөнөтүү үчүн суроочу Тараптын борбордук компетенттүү органы суралуучу Тараптын борбордук компетенттүү органына реадмиссия жөнүндө суроо-талап жөнөтөт.
2. Эгерде реадмиссиялануучу адамдын суралуучу Тараптын мамлекетинин жарактуу улуттук паспорту болсо, анда реадмиссия жөнүндө суроо-талап жиберүү талап кылынбайт. Мындай адамдарды өткөрүп берүү Аткаруу протоколунун 8-беренесине ылайык ишке ашырылат.
3. Суралуучу Тараптын борбордук компетенттүү органы адамды реадмиссиялоо жөнүндө суроо-талапты алган күндөн тартып 30 календарлык күндүн ичинде кабыл алууга макулдук берет же болбосо ушул Макулдашуунун 2-беренесинин 1-пунктунда каралган адамды өткөрүп берүүгө зарыл шарттардын жоктугу суралуучу Тараптан белгиленген болсо, анда жүйөлүү түрдө баш тартат.
4. Адамды реадмиссиялоо тууралуу суроо-талапка өз убагында жооп берүүгө жолтоо болгон юридикалык же чыныгы мүнөздөгү жагдайлар болсо, суралуучу Тараптын борбордук компетенттүү органынын жүйөлүү кайрылуусунун негизинде жооп берүү мөөнөтү 60 календарлык күнгө чейин узартылат.
4-берене. Адамдарды өткөрүп берүүнүн жана кабыл алуунун мөөнөтү
1. Эгерде Тараптардын мамлекетинин борбордук компетенттүү органдары ар бир конкреттүү учурда башка жөнүндө сүйлөшүшпөсө, анда суралуучу Тараптан реадмиссиялоого макулдук берилген адамдарды өткөрүп берүү мындай макулдукту алган күндөн тартып 30 календарлык күндүн ичинде ишке ашырылат.
2. Эгерде өткөрүп берүүгө объективдүү түрдө тоскоол болгон шарттардын пайда болушуна байланыштуу реадмиссиялануучу адамдар суралуучу Тарапка өткөрүлүп берилбесе, анда ушул берененин 1-пунктунда аталган мөөнөт узартылышы мүмкүн.
3. Реадмиссиялануучу адамды өткөрүп берүүгө мүмкүн болбосо, суроочу Тараптын мамлекеттик борбордук компетенттүү органы суралуучу Тараптын мамлекеттик борбордук компетенттүү органына жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтөт.
5-берене. Транзит
1. Эгерде суроочу Тараптын компетенттүү органдары ушул пунктта аталган адамдарга үчүнчү мамлекеттин аймагына анын транзит мамлекет же баруучу мамлекет экендигине карабастан, тоскоолдуксуз өтүүсүнө кепилдик берсе, суралуучу Тараптын борбордук компетенттүү органы суроочу Тараптын борбордук компетенттүү органынын суроо-талабы боюнча суралуучу Тараптын мамлекетинин аймагы аркылуу үчүнчү мамлекеттин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды транзиттөөгө уруксат берет.
2. Ушул берененин 1-пунктунда аталган адамдардын транзити суроочу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдарынын кызматкерлеринин коштоосунда жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Эгерде Тараптардын мамлекетинин борбордук компетенттүү органдары ар бир конкреттүү учурда башка жөнүндө сүйлөшүшпөсө, анда ушул берененин 1-пунктунда аталган адамдарды транзиттөө жөнүндө суроо-талап суралуучу Тараптын мамлекетинин аймагына кирүүгө белгиленген күнгө чейин 15 календарлык күндөн кем эмес убакытта транзиттөө максатында жиберилет.
4. Суралуучу Тараптын борбордук компетенттүү органы ушул берененин 1-пунктунда аталган адамдарды транзиттөө жөнүндө суроо-талапты алган күндөн тартып 7 календарлык күндүн ичинде транзитке макулдук берет же транзитти ишке ашыруудан жүйөөлүү баш тартат.
5. Ушул берененин 1-пунктунда аталган адамдарды транзиттөөдө суралуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдары суроочу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдарынын өтүнүчү боюнча мүмкүн болушунча көмөк көрсөтүшөт.
6. Суралуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органы ушул берененин 1-пунктунда аталган адамды транзиттөөдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартат, эгерде:
а) баруучу мамлекетте же башка мамлекетте үчүнчү мамлекеттин жараны же жарандыгы жок жактар кыйноого, адамгерчиликсиз же адамдык кадыр-баркын кемсинткен кайрылууга же жазалоого, өлүм жазасына же расалык, диний, улуттук белгилери боюнча, ошондой эле белгилүү бир социалдык топко таандыктыгы же саясий ишениминин белгилери боюнча куугунтукка алынуусуна коркунуч туулса;
б) айрыкча улуттук коопсуздук, коомдук тартипти сактоо же калктын саламаттыгы боюнча мындай адамдын суралуучу Тараптын мамлекетинин аймагында болуусу ылайык келбесе.
7. Эгерде ушул берененин 1-пунктунда аталган адамдарга карата суралуучу Тараптын мамлекетинин аймагына киргенден кийин ушул берененин 6-пунктунда каралган жагдайлар белгиленсе, ошондой эле эгерде башка мамлекеттин аймагына же баруучу мамлекеттин аймагына тоскоолсуз өтүүсү мындан ары кепилденген эмес деп эсептелсе, анда суралуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдары транзитке уруксат берилгендигине карабастан, ушул берененин 1-пунктунда аталган адамдарды суроочу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдарына кайра өткөрүп берет.
8. Тараптар эки жактуу негизде алардын жарандыгы боюнча же дайыма жашаган мамлекеттерине түздөн-түз кетүүсүнө мүмкүн болгон учурда үчүнчү мамлекеттердин жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын транзитин чектөөгө аракеттенишет.
9. Тараптар үчүнчү мамлекеттин жарандарынын же жарандыгы жок адамдардын транзитин көбүнчө аба транспорттору менен ишке ашырууга аракеттенишет.
6-берене. Жекече маалыматтарды коргоо
1. Ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашырууга байланыштуу Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары алмашуучу же бири-бирине берүүчү жекече маалыматтар Тараптардын ар биринин мамлекетинде анын жекече маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарына жана алардын мамлекеттери мүчө болгон эл аралык макулдашууларга ылайык корголууга тийиш.
2. Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары төмөндөгү шарттарды сактоо менен жекече маалыматтарды алмашышат:
а) жекече маалыматтар ушул Макулдашуунун максаттары үчүн гана колдонулушу мүмкүн;
б) Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары ушул Макулдашууга ылайык алынган жекече маалыматтардын жашыруундугун камсыз кылышат жана ал жекече маалыматтарды берген Тараптын жазуу жүзүндөгү уруксаты болмоюнча үчүнчү жактарга беришпейт жана алардын кандайча пайдаланылгандыгы жөнүндө аларды берген Тараптын компетенттүү органдарына кабарлашат;
в) Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары жекече маалыматтарды жоголуп кетүүдөн, уруксатсыз пайдалануудан, өзгөртүүдөн же ачыкка чыгаруудан коргоону камсыз кылышат.
7-берене. Чыгымдар
1. Реадмиссияга жана ушул Макулдашуунун 2-беренесинин 1-пунктунда аталган адамдарды суралуучу Тараптын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пунктуна чейин коштоо менен байланышкан чыгымдарды эгерде аталган адамдар өз алдынча же үчүнчү жактар төлөбөсө, анда суроочу Тарап төлөйт.
2. Транзитке жана ушул Макулдашуунун 5-беренесинин 1-пунктунда аталган адамдарды коштоо менен байланышкан чыгымдарды эгерде аталган адамдар өз алдынча же үчүнчү жактар төлөбөсө, анда суроочу Тарап төлөйт.
3. Ушул Макулдашуунун 2-беренесинин 5-пунктунда аталган адамдарды өткөрүп берүү жана аларды суроочу Тараптын мамлекеттик чек арасынан өткөрүү пунктуна чейин мүмкүн болгон коштоп жүрүү менен байланышкан чыгымдарды жогоруда аталган адамдарды жаңылыш реадмиссиялагандыгы үчүн жооптуу Тарап төлөйт.
8-берене. Аткаруу протоколу Тараптар төмөнкүлөргө тиешелүү тартиптерди камтыган Аткаруу протоколун түзүшөт:
а) Тараптардын мамлекетинин компетенттүү органдарына жана алардын ортосундагы укуктарын бөлүштүрүүгө;
б) реадмиссия же транзит жөнүндө суроо-талаптын мазмунуна жана аны жиберүүнүн тартибине;
в) аңгемелешүү жүргүзүүгө;
г) реадмиссиянын же транзиттин тартибине;
д) адамдарды коштоо менен өткөрүп берүү, анын ичинде үчүнчү мамлекеттин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды транзиттөөгө;
е) ушул Макулдашууну ишке ашыруу менен байланышкан өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартибине.
9-берене. Макулдашууну колдонууну токтотуп коюу жана кайра баштоо
1. Ар бир Тарап улуттук коопсуздукту коргоо, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу же калктын саламаттыгы менен байланышкан себептер боюнча ушул Макулдашуунун колдонулуусун жарым-жартылай же толугу менен токтотуп коё алат.
2. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуп коюу же кайра баштоо жөнүндө бир Тарап экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу мындай чечимдин ишке киришине чейин 72 сааттан кем эмес убакыт калганда жазуу жүзүндө кабарлайт.
10-берене. Кызматташтыктын принциптери
1. Ушул Макулдашууну ишке ашырууга же чечмелөөгө байланыштуу Тараптардын ортосунда пайда болгон талаш маселелер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечилет.
2. Консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнүн тартиби Тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.
11-берене. Башка эл аралык келишимдерге мамиле
1. Ушул Макулдашуу анын мамлекети мүчө болгон башка эл аралык келишимдерден чыккан ар бир Тараптын укуктарына жана милдеттерине кийлигишпейт.
2. Ушул Макулдашуу ал же бул адамдын Тараптардын мамлекеттери мүчө болгон башка эл аралык келишимдерге ылайык кайтып келүүсүнө тоскоол болбойт.
12-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү алган күндөн 30 календарлык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Тараптар өз ара макулдашуу боюнча бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болгон өзүнчө Протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизе алышат жана ушул берененин 1-пунктунда каралган тартипте күчүнө кирет.
3. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана анын колдонулушу Тараптардын бири дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тараптын ушул макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган күндөн тартып 60 календарлык күн өткөндөн кийин токтотулат.
4. Ушул Макулдашуунун колдонулушу токтогон учурда Тараптар ал колдонулган мезгилде пайда болгон милдеттенмелерди жөнгө салышат.
20__-жылдын "__" __________ шаарында кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, эки текст тең бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Макулдашуунун орус тилдеги тексти артыкчылыктуу мүнөзгө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун тартиби тууралуу АТКАРУУ ПРОТОКОЛУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтү, 20__жылдын "__" __________ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди кыйла толук жөнгө салуу боюнча эки жактын бирдей каалоосун билдиришип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Компетенттүү органдар
1. Макулдашуунун жоболорун ишке ашырууга жооптуу компетенттүү органдар болуп төмөнкүлөр саналат:
Кыргызстан Тараптан: борбордук компетенттүү орган - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; компетенттүү органдар - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети; Казакстан Тараптан: борбордук компетенттүү орган - Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлиги; компетенттүү органдар - Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитети.
2. Ушул берененин 1-пунктунда аталган компетенттүү органдарга тиешелүү өзгөрүүлөр жөнүндө Тараптар бири-бирине дипломатиялык каналдар боюнча токтоосуз маалымдашат.
3. Макулдашуунун жана ушул Аткаруу протоколунун жоболорун ишке ашыруу максатында Тараптардын мамлекеттеринин борбордук компетенттүү органдары бири-бири менен түздөн-түз өз ара аракеттенишет.
4. Ушул Аткаруу протоколун ишке ашыруу максатында Тараптардын мамлекеттеринин борбордук компетенттүү органдары ага кол коюлган күндөн тартып 30 календарлык күндүн ичинде бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу өздөрүнүн байланыш маалыматтарын жазуу жүзүндө билдиришет.
5. Борбордук компетенттүү органдар өздөрүнүн байланыш маалыматтарынын өзгөргөндүгү жөнүндө бири-бирине жазуу жүзүндө токтоосуз билдиришет.
2-берене. Жарандыгын далилдөө
1. Кыргыз Республикасынын жарандыгы төмөнкү документтер менен ырасталат:
а) дипломатиялык паспорт;
б) кызматтык паспорт;
в) Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылы берилген үлгүдөгү паспорту;
г) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылы берилген үлгүдөгү паспорту (ID-карт);
д) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004 жана 2006-жылдардагы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорту;
е) аскер кызматчысынын өздүк күбөлүгү (аскердик билети);
ж) Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы жөнүндө маалымкат болсо, 16 жашка чыга элек балдар үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
з) Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгү.
2. Казакстан Республикасынын жараны экендиги төмөнкү документтер менен ырасталат:
а) Казакстан Республикасынын жаранынын паспорту;
б) Казакстан Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү;
в) Казакстан Республикасынын дипломатиялык паспорту;
г) Казакстан Республикасынын кызматтык паспорту;
д) моряктын күбөлүгү;
е) Казакстан Республикасына кайтып келүү күбөлүгү;
ж) Казакстан Республикасынын жарандыгына таандыгы жөнүндө маалымкат болсо, 16 жашка чыга элек балдар үчүн Казакстан Республикасынын жаранынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.
3. Төмөнкүлөр болгон учурда адамды Кыргыз Республикасынын жараны деп эсептөөгө негиздер болот:
а) ушул берененин 1-пунктунда аталган, жарактуулук мөөнөтү аяктаган документтер;
б) ушул берененин 1-пунктунда аталган документтердин көчүрмөлөрү же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн дубликаттары;
в) реадмиссиялануучу адамдын ушул Аткаруу протоколунун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган арызы;
г) тиешелүү компетенттүү органдар тарабынан мыйзамдуу негизде алынган күбөлөрдүн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү;
д) компетенттүү кызмат адамдарынын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү;
е) реадмиссиялануучу адам менен аңгемелешүүнүн жыйынтыктары.
4. Төмөнкүлөр болгон учурда адамды Казакстан Республикасынын жараны деп эсептөөгө негиздер болот:
а) ушул берененин 2-пунктунда аталган, жарактуу мөөнөтү аяктаган документтер;
б) ушул берененин 2-пунктунда аталган документтердин көчүрмөлөрү жана дубликаттары;
в) ушул берененин 2-пунктунда аталган документтерден тышкары, Казакстан Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан берилген башка документтер;
г) реадмиссиялануучу адамдын ушул Аткаруу протоколунун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган арызы;
д) тиешелүү компетенттүү органдар тарабынан мыйзамдуу негизде алынган күбөлөрдүн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү;
е) компетенттүү кызмат адамдарынын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү;
ж) реадмиссиялануучу адам менен аңгемелешүүнүн жыйынтыктары.
3-берене. Башка документтер
1. Эгерде суроочу Тараптын пикири боюнча ушул Аткаруу протоколунун 2-беренесинде каралбаган башка документтер реадмиссиялануучу адамдын жарандык таандыктыгын аныктоо үчүн олуттуу мааниге ээ болсо, анда мындай документтер реадмиссия жөнүндө суроо-талапка тиркелиши мүмкүн.
2. Реадмиссия жөнүндө суроо-талапты кароо учурунда ушул берененин 1-пунктунда аталган документтерди көңүлгө алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе суралуучу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органы тарабынан чечилет.
4-берене. Аңгемелешүү
1. Макулдашуунун 2-беренесинин 4-пунктуна ылайык суроочу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органынын суроо-талабы боюнча Макулдашуунун 2-беренесинин 1-пунктунда аталган адам менен аңгемелешүү жүргүзүү боюнча негизги милдет суроочу Тараптын мамлекетиндеги суралуучу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органынын өкүлүнө жүктөлөт.
2. Ушул берененин 1-пунктунда аталган суралуучу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органынын өкүлү жок учурда, аңгемелешүү суроочу Тараптын мамлекетиндеги суралуучу Тараптын мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин кызматкери тарабынан жүргүзүлөт.
3. Аңгемелешүү суроочу Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан суралуучу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органынын өкүлү же болбосо ушул берененин 2-пунктунда аталган учурда суроочу Тараптын мамлекетиндеги суралуучу Тараптын мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси ушул Аткаруу протоколунун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн аңгемелешүү жүргүзүү тууралуу суроо-талапты алган датадан тартып 14 календарлык күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлүшү керек.
4. Аңгемелешүү жүргүзүүнүн датасы, убактысы жана орду Тараптардын мамлекетинин компетенттүү органдары тарабынан ар бир конкреттүү учурда макулдашылат.
5-берене. Реадмиссия жөнүндө суроо-талаптын мазмуну жана жиберүү тартиби, ошондой эле ага жоопту жиберүүнүн тартиби
1. Ушул Аткаруу протоколунун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн реадмиссия жөнүндө суроо-талап суроочу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органы тарабынан жазуу жүзүндө суралуучу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органына почта байланышы же курьер аркылуу жөнөтүлөт.
2. Тараптардын мамлекеттеринин жарандарын реадмиссиялоо жөнүндө суроо-талапка суроочу Тараптын карамагында болгон, ушул Аткаруу протоколунун 2 жана 3-беренелеринде аталган, анын болушу реадмиссиялануучу адамдын суралуучу Тараптын мамлекетинин жарандыгына ээ экендигин ырастаган же ээ деп эсептөөгө негиз берүүчү документтер тиркелет.
3. Зарыл болгон учурда суроочу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органы реадмиссия жөнүндө суроо-талаптын "Б" бөлүмүндө реадмиссиялануучу адамдын өтө кооптуулугу же ден соолугунун абалы жөнүндө кошумча маалыматтарды көрсөтөт.
4. Реадмиссия жөнүндө суроо-талапка жооп суроочу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органына жазуу жүзүндө почта байланышы же курьер аркылуу жана зарыл болгон учурда маалыматты берүүнүн техникалык каражаттарынын жардамы менен кошумча Макулдашуунун 3-беренесинин 3-пунктунда белгиленген мөөнөттө суралуучу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органы тарабынан жиберилет.
6-берене. Транзит жөнүндө суроо-талапты жана ага жоопту жиберүүнүн тартиби
1. Ушул Аткаруу протоколунун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн транзит жөнүндө суроо-талап суралуучу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органына жазуу жүзүндө почта байланышы же курьер аркылуу Макулдашуунун 5-беренесинин 3-пунктунда белгиленген мөөнөттө суроочу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органы тарабынан жөнөтүлөт.
2. Зарыл болгон учурда суроочу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органы транзит жөнүндө суроо-талаптын "Б" бөлүмүндө транзиттелүүчү адамдын өтө кооптуулугу жана ден соолугунун абалы жөнүндө кошумча маалыматты көрсөтөт.
3. Транзит жөнүндө суроо-талапка жооп суроочу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органына жазуу жүзүндө почта байланышы же курьер аркылуу жана зарыл болгон учурда маалыматты берүүнүн техникалык каражаттарынын жардамы менен кошумча Макулдашуунун 3-беренесинин 3-пунктунда белгиленген мөөнөттө суралуучу Тараптын борбордук компетенттүү органы тарабынан жөнөтүлөт.
7-берене. Реадмиссиялануучу же транзиттелүүчү адамды коштоп жүрүү
1. Реадмиссиялануучу же транзиттелүүчү адамды коштоп жүрүү зарыл болгон учурда суроочу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органы суралуучу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органына коштоп жүрүүчү адамдардын аты-жөнүн жана кызмат орундарын, алардын паспортторунун түрүн, номерин, берилген датасын жана жарактуу мөөнөтүн, ошондой эле алардын суралуучу Тараптын мамлекетинин аймагында болуусунун болжолдуу мөөнөттөрүн кабарлайт.
2. Коштоп жүрүүчү адамдар суралуучу Тараптын мамлекетинин аймагында болуу убагында анын мамлекетинин мыйзамдарын сактоого милдеттүү.
3. Коштоп жүрүүчү адамдар жарандык кийим кийүүгө, ошондой эле өздөрү менен жарактуу паспортторун жана реадмиссия же транзитке карата макулдашылган келишим жөнүндө күбөлөндүргөн документтерди алып жүрүүгө тийиш.
4. Коштоп жүрүүчү адамдар өздөрү менен кошо курал жана суралуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жүгүртүү чектелген же жүгүртүүдөн алып салынган башка предметтерди алып жүрө алышпайт.
5. Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары суралуучу Тараптын мамлекетинин аймагында коштоп жүрүүчү адамдардын болуусун камсыз кылуу менен байланышкан бардык маселелер боюнча өз ара аракеттенишет. Мында суралуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдары зарыл болгон учурда коштоп жүрүүчү адамдарга колдон келген көмөктөрдү көрсөтүшөт.
8-берене. Реадмиссиялоо же транзиттөө жол-жобосу
1. Адамдарды реадмиссиялоо же транзиттөө Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына же эл аралык келишимдерге ылайык белгиленген Тараптардын мамлекеттеринин мамлекеттик чек арасы аркылуу бардык өткөрүү пункттарында ишке ашырылат.
2. Реадмиссиялоо же транзиттөө датасы жана убактысы, ошондой эле бул максаттарда пайдаланылуучу Тараптардын мамлекеттеринин мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары Тараптардын мамлекетинин борбордук компетенттүү органдарынын өз ара макулдугу боюнча ар бир конкреттүү учурда аныкталат.
3. Суроочу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органы реадмиссиялануучу жана транзиттелүүчү адамды өткөрүп берүү пландаштырылган датага чейин 5 жумуш күндөн кечиктирбестен, суралуучу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органына ушул берененин 2-пунктунда аталган мындай өткөрүп берүүнүн шарттары жөнүндө кабарлайт.
4. Суралуучу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органы ушул берененин 3-пунктунда аталган маалыматты алган датадан тартып 4 жумуш күндөн кечиктирбестен, суроочу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органына өткөрүп берүү шарттарынын ылайыктуулугу жөнүндө кабарлайт.
5. Эгерде суроочу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органы сунуш кылган өткөрүп берүү шарттары суралуучу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органы үчүн ылайыксыз болгон учурда, өткөрүп берүүнүн башка шарттары мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө уюштурулушу керек.
9-берене. Тил Макулдашуунун жана ушул Аткаруу протоколунун жоболорун ишке ашыруу максатында ушул Аткаруу протоколунун 1-4-тиркемелеринде каралган документтер Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары тарабынан орус тилинде таризделет. 10-берене. Чыгымдар
1. Реадмиссияны жана транзитти ишке ашырууда суралуучу Тараптын кеткен чыгымдарын Макулдашуунун 7-беренесинин 1 жана 2-пункттарына ылайык суроочу Тарап сарпталган чыгымдар жөнүндө кетирилген чыгымдарды ырастаган финансылык документтер тиркелген кабарлоону алган датадан тартып 30 календарлык күндүн ичинде АКШ долларында төлөп берет.
2. Макулдашуунун 2-беренесинин 5-пунктунда аталган адамдарды өткөрүп берүүдө Тараптардын биринин кеткен чыгымдарын Макулдашуунун 7-беренесинин 3-пунктуна ылайык адамды жаңылыш реадмиссиялоо үчүн жооптуу Тарап сарпталган чыгымдар жөнүндө кетирилген чыгымдарды ырастаган финансылык документтер тиркелген кабарлоону алган датадан тартып 30 календарлык күндүн ичинде АКШ долларында төлөп берет.
11-берене. Тиркемелер Ушул Аткаруу протоколунун 1-4-тиркемелери анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 12-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Аткаруу протоколу Макулдашуу менен бирге күчүнө кирет жана күчүн жоготот.
2. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Аткаруу протоколуна өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
______________ 20__-жылдын "__" ___________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Аткаруу протоколунун жоболорун чечмелөөдө кайчы-пикирлер келип чыккан учурда Аткаруу протоколунун орус тилиндеги текстти артыкчылыктуу мүнөзгө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
20__-жылдын "__" _________ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун тартиби тууралуу аткаруу протоколунун 1-тиркемеси
20__-жылдын "__" ___________ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууга ылайык реадмиссиялануучу адамдын АРЫЗЫ
1. Толук аты, фамилиясы (фамилиянын астын сызуу керек) ________________________________________
2. Мурдагы фамилиясы (эгерде өзгөртсө) _______________________________________________________
3. Туулган датасы жана жери _________________________________________________________________
4. Ким экендигин ырастаган документ __________________________________________________________
5. Жарандыгы _____________________________________________________________________________
6. Суралуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жашаган жакын туугандары жөнүндө
маалымат _________________________________________________________________________________
7. Суралуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жашаган жеринин дареги __________________________
8. Суроочу Тараптын мамлекетинин аймагына кирүү датасы _______________________________________
9. Суроочу Тараптын мамлекетинин аймагына кирүү ыкмасы _______________________________________
10. Суроочу Тараптын мамлекетинин аймагына кирүү максаты _____________________________________
11. Башка маалыматтар _____________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________________ Колу "__" ___________ 20__-ж. Арыз жазылган жер _______________________________________________________________
Суроочу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органынын өкүлүнүн колу
____________________________________________
20__-жылдын "__" _________ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун тартиби тууралуу аткаруу протоколунун 2-тиркемеси
Суроочу Тараптын мамлекетинин мамлекеттик герби
_________________________________________ (Суроочу тараптын мамлекетинин _________________________________________ борбордук компетенттүү органынын аталышы)
_______________________________ (жери жана датасы)
Номери _________________________________
Кимге ___________________________________
(Аткаруу протоколунун 4-беренесинин
________________________________________
3-пунктуна ылайык органдын аталышы)
20__-жылдын "__" _________ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун тартиби тууралуу аткаруу протоколунун 4-беренесине ылайык аңгемелешүүнү жүргүзүү жөнүндө СУРОО-ТАЛАП
А. Жеке маалыматтар:
1. Толук аты, фамилиясы (фамилиянын астын сызуу керек) _________________________
2. Мурдагы фамилиясы (эгерде өзгөртсө) ________________________________________
3. Туулган датасы жана жери __________________________________________________
4. Жынысы жана сырт келбетин баяндоо (бою, көздөрүнүн өңү, өзгөчө белгилери ж.б.)
____________________________________________________________________________
Фото
5 _____________________________ катары да белгилүү (ал белгилүү болгон мурдагы аттары, башка аттары же псевдонимдери)
6. Жарандыгы жана тили _______________________________________________________________________
7. Үй-бүлөлүк абалы ___________________________________________________________________________
□ үй-бүлөлүү □ бойдок □ ажырашкан □ жесир Жубайынын аты (эгерде үй-бүлөлүү болсо) жана анын турган жери ____________________________________ Балдарынын аттары жана жаш курактары (эгерде бар болсо) жана алардын турган жери __________________ _____________________________________________________________________________________________
8. Суроочу Тараптын мамлекетиндеги акыркы турган жери ____________________________________________
9. Суралуучу Тараптын мамлекетиндеги акыркы дареги ______________________________________________
10. Ары-бери жүрүү каттамдары жөнүндө маалымат _________________________________________________
11. Ден соолугунун абалы (мисалы, өзгөчө медициналык кам көрүү зарылдыгын көрсөтүү жана инфекциялык
оорусунун аталышы) ___________________________________________________________________________
12. Адамдын өзгөчө кооптуулугу тууралуу белги (мисалы, кылмыш жасоого шектүүлүгү, агрессиялуу
жүрүм-туруму) _________________________________________________________________________________
13. Адамда болгон документтер:
а) ________________________________
(документтин түрү)
__________________________________ (берилген датасы жана жери)
____________________________________ (документти берген орган)
__________________________________ (жарактуу мөөнөтү аяктаган дата)
б) ________________________________
(документтин түрү)
__________________________________ (берилген датасы жана жери)
в) ________________________________
(документтин түрү)
__________________________________ (берилген датасы жана жери)
____________________________________ (документти берген орган)
__________________________________ (жарактуу мөөнөтү аяктаган дата)
Б. Эскертүү
____________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________ Аңгемелешүү жүргүзүлгөн жер: ____________________________________________________________
Суроочу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органынын өкүлүнүн колу
_______________________________________________
М.О.
20__-жылдын "__" _________ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун тартиби тууралуу аткаруу протоколунун 3-тиркемеси
Суроочу Тараптын мамлекетинин мамлекеттик герби
__________________________________________ (Суроочу тараптын мамлекетинин
_________________________________ (жери жана датасы)
__________________________________________ борбордук компетенттүү органынын аталышы)
Номери __________________________________________
Кимге ___________________________________________
(Суралуучу Тараптын мамлекетинин борбордук
______________________________________________
компетенттүү органынын аталышы)
20__-жылдын "__" ________ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун тартиби тууралуу аткаруу протоколунун 5-беренесине ылайык реадмиссия жөнүндө СУРОО-ТАЛАП
А. Жеке маалыматтар:
1. Толук аты, фамилиясы (фамилиянын астын сызуу керек) _________________________
2. Мурдагы фамилиясы (эгерде өзгөртсө) ________________________________________
3. Туулган датасы жана жери __________________________________________________
4. Жынысы жана сырт келбетин баяндоо (бою, көздөрүнүн өңү, өзгөчө белгилери ж.б.)
____________________________________________________________________________
Фото
5. ____________________________ катары да белгилүү (ал белгилүү болгон мурдагы аттары, башка аттары же
псевдонимдери)
6. Жарандыгы жана тили _______________________________________________________________________
7. Жашоого, убактылуу жашоого берилген уруксаттардын түрлөрү же визалар жөнүндө
маалымат ____________________________________________________________________________________
8. Үй-бүлөлүк абалы ___________________________________________________________________________
□ үй-бүлөлүү □ бойдок □ ажырашкан □ жесир Жубайынын аты (эгерде үй-бүлөлүү болсо) жана анын турган жери ____________________________________ _____________________________________________________________________________________________ Балдарынын аттары жана жаш курактары (эгерде бар болсо) жана алардын турган жери __________________ ____________________________________________________________________________________________
9. Суроочу Тараптын мамлекетиндеги акыркы турган жери ___________________________________________
10. Суралуучу Тараптын мамлекетиндеги акыркы дареги _____________________________________________
11. Ары-бери жүрүү каттамдары жөнүндө маалымат _________________________________________________
12. Адамдын суроочу Тараптын мамлекетинин аймагына мыйзамсыз кирүүсү же болуусу жөнүндө чечим кабыл
алуу үчүн негиз ________________________________________________________________________________
Б. Өткөрүп берилүүчү адамга тиешелүү өзгөчө жагдайлар
1. Ден соолугунун абалы (мисалы, өзгөчө медициналык кам көрүү зарылдыгын көрсөтүү жана инфекциялык оорусунун аталышы) ___________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________
2. Адамдын өзгөчө кооптуулугу тууралуу белгилер (мисалы, кылмыш жасоого шектүүлүгү, агрессиялуу
жүрүм-туруму) _________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________________
В. Жарандык таандыктыгын аныктоого тиркелүүчү далилдер:
1. Жарандык таандыктыгын ырастоочу документтер:
а) ________________________________
(документтин түрү)
__________________________________ (берилген датасы жана жери)
____________________________________ (документти берген орган)
__________________________________ (жарактуу мөөнөтү аяктаган дата)
б) ________________________________
(документтин түрү)
__________________________________ (берилген датасы жана жери)
____________________________________ (документти берген орган)
__________________________________ (жарактуу мөөнөтү аяктаган дата)
в) ________________________________
(документтин түрү)
__________________________________ (берилген датасы жана жери)
____________________________________ (документти берген орган)
__________________________________ (жарактуу мөөнөтү аяктаган дата)
2. Жарандык таандыктыгын аныктоого негиз берүүчү документтер
____________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________
Г. Эскертүү
____________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________
Суроочу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органынын өкүлүнүн колу
________________________________________________
М.О.
20__-жылдын "__" _________ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун тартиби тууралуу аткаруу протоколунун 4-тиркемеси
Суроочу Тараптын мамлекетинин мамлекеттик герби
__________________________________________ (Суроочу тараптын мамлекетинин
_________________________________ (жери жана датасы)
__________________________________________ борбордук компетенттүү органынын аталышы)
Номери _______________________________________
Кимге ________________________________________
(Суроочу Тараптын мамлекетинин борбордук
________________________________________
компетенттүү органынын аталышы)
20__-жылдын "__" _________ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун тартиби тууралуу аткаруу протоколунун 6-беренесине ылайык транзит жөнүндө СУРОО-ТАЛАП
А. Жеке маалыматтар:
1. Толук аты-жөнү (фамилиянын астын сызуу керек) ______________________________
2. Мурдагы фамилиясы (эгерде өзгөртсө) _______________________________________
3. Туулган датасы жана жери _________________________________________________
4. Жынысы жана сырт келбетин баяндоо (бою, көздөрүнүн өңү, өзгөчө белгилери ж.б.)
___________________________________________________________________________
Фото
5. _____________________________ катары да белгилүү (ал белгилүү болгон мурдагы аттары, башка аттары же
псевдонимдери)
6. Жарандыгы жана тили ________________________________________________________________________
7. Жүрүүчү документинин түрү жана номери ________________________________________________________
Б. Өткөрүп берилүүчү адамга тиешелүү өзгөчө жагдайлар
1. Ден соолугунун абалы (мисалы, өзгөчө медициналык кам көрүү зарылдыгын көрсөтүү жана инфекциялык
оорусунун аталышы ___________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________________
2. Адамдын өзгөчө кооптуулугу тууралуу белгилер (мисалы, кылмыш жасоого шектүүлүгү, агрессиялуу
жүрүм-туруму) _________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________________
В. Транзиттик операция
1. Баруучу мамлекет ___________________________________________________________________________
2. Транзиттөөгө мүмкүн болгон башка мамлекеттер _________________________________________________
3. Мамлекеттик чек араны кесип өтүүнүн болжолдуу жери, датасы, мүмкүн болуучу коштоп жүрүү
____________________________________________________________________________________________
4. Транзиттин багыты жана баруу убактысы ________________________________________________________
Г. Эскертүү
_____________________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________________ Адамды кабыл алуу баруучу мамлекет тарабынан камсыз кылынат.
Суроочу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органынын өкүлүнүн колу
__________________________________________________
М.О.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 435-б (Долбоорлор жактыруу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 14.10.2016 · № 435-р