Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин (Жалпы мамлекеттик конкурстук комиссия (мындан ары Комиссия) тиркемеге ылайык курамын түзүү жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики от 8 сентября 2023 года № 466 (О признании утратившими силу некоторых распоряжений Премьер-министра Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-09-08.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-октябрындагы № 427 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2015-жылдын 22-июлу № 323 (КР Премьер-министринин 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 761, 2019-жылдын 30 майындагы № 265 буйруктарынын редакцияларына ылайык) Райондук жана облустук деңгээлдерде "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына конкурсту координациялоо жана жыйынтыгын чыгаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 токтому менен бекитилген "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 5-пунктуна ылайык:
1. Жалпы мамлекеттик конкурстук комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия бир айлык мөөнөттө:
- берилген материалдарды карасын жана айыл өкмөттөрүнүн ортосунда жалпы мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктасын;
- ''Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн зарыл болгон учурда республиканын региондоруна барууну ишке ашырсын;
- өткөрүүнүн жүрүшүн жана конкурстун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууну камсыз кылсын.
3. Комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана маалыматтык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 520 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
КР Премьер-министринин 2019-жылдын 30 майындагы № 265 буйругуна ылайык)
Премьер-министр
Т.Сариев
Тиркеме Жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын КУРАМЫ (КР Премьер-министринин 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 761, 2019-жылдын 30 майындагы № 265 буйруктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссиянын төрагасынын орун басары. Комиссия мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн региондук өнүктүрүү секторунун башчысы; Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Министрликтин алдындагы Туризм департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактор; Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директору (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-октябрындагы № 427 "Райондук жана облустук деңгээлдерде “Эн мыкты айыл өкмөту” наамына сынакты координаниялоо жана жыйынтыгын чыгаруу"…Распоряжение · 01.10.2021 · № 427
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иштердин жыйынтыктары боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө жалпы мамлекеттик конкурстук…Распоряжение · 23.08.2018 · № 292-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июлундагы № 272-б (2018-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо…Распоряжение · 23.07.2019 · № 272-р
- Ак-Суу айылдык кенешинин 2020-жылдын 16-декабрындагы №170 “1 000 000 сомду Жениш айылына кичи футбол аянтчасын курууга, өкмөттүн өздүк салымы катары кошумча бөлүп берүүгө…Постановление · 16.12.2020 · № 170
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин айрым буйруктарын күчүн жоготту деп таануу…Распоряжение · 08.09.2023 · № 466
- КР Премьер-министринин 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 520 (Мамлекеттик сынактык комиссия түзүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 11.11.2013 · № 520 · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 30- майындагы № 265 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 22-июлундагы № 323 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 30.05.2019 · № 265
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 09.04.2013 · № 181
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-октябрындагы № 427 "Райондук жана облустук деңгээлдерде “Эн мыкты айыл өкмөту” наамына сынакты координаниялоо жана жыйынтыгын чыгаруу"…Распоряжение · 01.10.2021 · № 427
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин айрым буйруктарын күчүн жоготту деп таануу…Распоряжение · 08.09.2023 · № 466
- КР Премьер-министринин 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 520 (Мамлекеттик сынактык комиссия түзүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 11.11.2013 · № 520 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.