Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин (Мамлекеттик сынактык комиссия түзүү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Премьер-министра КР от 22 июля 2015 года №323 (Об образовании общегосударственной конкурсной комиссии)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-07-22.
КР Премьер Премьер-министринин 2015-жылдын 22 июлундагы №323 буйругуна ылайык Күчүн Жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2013-жылдын 11-ноябры № 520 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 токтому менен бекитилген, "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө Жобонун 1-бөлүмүнүн 5-пунктуна ылайык, "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына райондук, облустук деңгээлдердеги сынакты координациялоо жана анын жыйынтыгын чыгаруу максатында:
1. Мамлекеттик сынактык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия бир айлык мөөнөттө:
- берилген материалдарды карап чыксын жана айыл өкмөттөрдүн арасында жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн аныктасын;
- "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн зарыл учурда республиканын региондоруна барууну ишке ашырсын;
- сынак өткөрүүнүн жүрүшүн жана натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууну камсыздасын.
3. Мамлекеттик сынактык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана маалыматтык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 11-ноябрындагы№ 520 буйругуна тиркеме
"Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына сынак өткөрүү боюнча мамлекеттик сынактык комиссиянын КУРАМЫ
Момуналиев Нурханбек Сакенович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, комиссиянын төрагасы;
Касиев Накен Касиевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Бакиров Жетиген Жокинович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы;
Курманова Айдай Эркиновна
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы;
Кожошев Арзыбек Орозбекович
-
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кендирбаева Догдургүл Шаршеевна
-
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Чаргынов Касым Самсонович
-
Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары;
Күйкеев Эрик Асанович
-
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;
Чакиев Максат Жолдошбекович
-
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору - министрдин орун басары;
Кенжебаев Дыйканбай Бакашович
-
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
Чойбеков Кубанычбек Насыбекович
-
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Сабиров Шухрат Маматалиевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Саалаев Жедигер Ибраимович
-
"Кыргыз Туусу" Басма үйүнүн директору башкы редактор.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-июлундагы № 323 (Жалпы мамлекеттик конкурстук комиссия (мындан ары Комиссия) тиркемеге ылайык курамын түзүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 22.07.2015 · № 323 · Күчүн жоготкон
- Распоряжение Правительства Кыргызской Республики от 3 июля 2014 года №348-бРаспоряжение · 03.07.2014 · № 348-б
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 09.04.2013 · № 181
- КР Премьер-министринин 2015-жылдын 22-июлундагы № 323 (Жалпы мамлекеттик конкурстук комиссия (мындан ары Комиссия) тиркемеге ылайык курамын түзүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 22.07.2015 · № 323 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.