Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Бишкек шаарында кол коюлган Граждандык жана жазык иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 7-июлу № 420-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2022-жылдын 26-майында Бишкек шаарында кол коюлган 1996-жылдын 26-августундагы Граждандык жана жазык иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти (макулдашуу боюнча) Келишимди ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар болуп дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-июлундагы № 420-т тескемеси менен жактырылган
2022-жылдын 26-майында Бишкек шаарында кол коюлган 1996-жылдын 26-августундагы Граждандык жана жазык иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу 1996-жылдын 26-августундагы Граждандык жана жазык иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 26-мартындагы № 34 буйругу менен жактырылган, ошондой эле 2022-жылдын 26-майында Бишкек шаарында кол коюлган. Протокол жарандык жана жазык иштери боюнча укуктук мамилелер, укуктук жардам көрсөтүү жаатында өз ара аракеттенүүнү жеңилдетүү максатында иштелип чыккан. Протоколго ылайык дайындалган компетенттүү органдар жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине кабарлоолор тууралуу Тараптардын милдеттенмелерин көрсөтүү менен Келишимдин жоболорун ишке ашыруу боюнча компетенттүү органдардын тизмегин алып салуу бөлүгүндө Келишимдин 4-беренесинин редакциясын өзгөртүү каралат. Ошондой эле Келишимдин 22-беренесинде каралган, таанылууга жана аткарылууга тийиш болгон чечимдердин тизмеги соттун буйругу менен толукталат. Мындан тышкары кайталанган жоболорду жоюу максатында Келишимдин 28-беренесин алып салуу, ошондой эле Келишимдин айрым жоболорун толуктоо сунушталат. Протоколдун тексти мурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча (2021-жылдын 24-февралындагы № 6-455и/21 чечими) жана Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча профилдик комитеттери (2021-жылдын 24-февралындагы № 6-467и/21 чечими) менен макулдашылган. Сунушталган Протокол Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. Протоколду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Договор между Кыргызской Республикой и Республикой Казахстан об оказании взаимной правовой помощи по гражданским и уголовным деламДоговор · 26.08.1996
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021