Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 4-сентябрындагы № 378-б (Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 25 декабря 2018 года № 619 "Об утверждении Положения о порядке рассмотрения обращений бывших собственников имущества, национализированного в соответствии с декретами Временного Правительства Кыргызской Республики в 2010 году, о восстановлении имущественных прав"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-12-25.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 619 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 4-сентябры № 378-б (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 116-б, 2016-жылдын 18-мартындагы № 114-б, 2017-жылдын 8-июнундагы № 219-б буйруктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы чечимин (мындан ары - чечим) ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы чечимин ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия чечимди ишке ашыруу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 114-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд бир жумалык мөөнөттө Ведомстволор аралык комиссиянын иш регламентинин долбоорун иштеп чыксын жана ведомстволор аралык комиссиянын бекитүүсүнө киргизсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборуна жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 114-б, 2017-жылдын 8-июнундагы № 219-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-б буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы чечимин ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 116-б, 2016-жылдын 18-мартындагы № 114-б, 2017-жылдын 8-июнундагы № 219-б буйруктарынын редакцияларына ылайык) Коргоо, коомдук коопсуздук жана укуктук тартип, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин координациялоочу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы". Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Кыргыз Республикасынын Финансы министри Кыргыз Республикасынын Экономика министри Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун статс-катчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директору
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 619 "Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине…Постановление · 25.12.2018 · № 619
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412-VI "Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз…Постановление · 31.03.2016 · № 412-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 3020-VI "Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз…Постановление · 18.04.2019 · № 3020-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 3020-VI "Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз…Постановление · 18.04.2019 · № 3020-VI
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 113-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизиүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 23.03.2015 · № 116-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 619 токтомуПостановление · 25.12.2018 · № 619
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 219-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-б буйругуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 08.06.2017 · № 219-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 114-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралу) буйругуРаспоряжение · 18.03.2016 · № 114-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- К Р Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы N 37-р ""United Cement Group PLC" компаниясынын, "Эмгек Курулуш", "Ташкөмүр", "Пансионат "Витязь"…Решение · 11.07.2014 · № № 37-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 619 "Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине…Постановление · 25.12.2018 · № 619
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.