Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 25-декабры № 619 Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы № 283 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттери боюнча талаш мамилелерди чечүүнү жана менчик ээлеринин мүлктүк укуктарын калыбына келтирүү мүмкүндүгүн камсыздаган укуктук механизмди түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы чечиминин 2-пунктун аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароо боюнча комиссиянын - катчылыктын жумушчу органынын функциялары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
31. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы № 283 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрындагы N 106 жарыяланды
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- "Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин…Положение · 25.12.2018 · № 619
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 95-б (Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык…Распоряжение · 16.04.2019 · № 95-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы № 283 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 619 "Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз…Постановление · 01.06.2020 · № 283
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 4-сентябрындагы № 378-б (Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 04.09.2014 · № 378-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы № 283 токтомуПостановление · 01.06.2020 · № 283
Шилтеме берет (4)
- К Р Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы N 37-р ""United Cement Group PLC" компаниясынын, "Эмгек Курулуш", "Ташкөмүр", "Пансионат "Витязь"…Решение · 11.07.2014 · № № 37-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 4-сентябрындагы № 378-б (Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 04.09.2014 · № 378-р · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.