Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча тиркелген план бекитүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 19-октябры № 602-б "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында:
1. "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча тиркелген план (мындан ары - План) бекитилсин.
2. Бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Планды ишке ашырууга тартылган министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары 2010-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө Планда каралган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун долбоорлорун иштеп чыгууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүүнү камсыз кылышсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 602 буйругу менен бекитилген
"Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык
стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча
ПЛАН
| № | Ишке ашыруу боюнча иш-чаралар | Жооптуу аткаруучулар |
|---|---|---|
| 1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саламаттык сактоо жаатындагы социалдык стандарттар жөнүндө төмөндөгүлөрдү караштырган токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү: - менчигинин түрүнө карабастан, бүткүл калкка саламаттык сактоо уюмдары тарабынан, пациент кечиктирилгис абалдан чыкканга чейин медициналык акысыз шашылыш (кечиктирилгис) жардам берүү; - жарандарга биринчи деңгээлде базалык медициналык кызмат көрсөтүү; - социалдык статусу жана клиникалык көрсөткүчтөрү боюнча жарандарга акысыз жана жеңилдиктүү шартта медициналык жардам берүү; - вакцина менен дарылануучу инфекцияларга Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына ылайык акысыз имуннологиялык эмдөө жүргүзүү | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
| 2 | Социалдык тейлөө чөйрөсүндө жарандардын социалдык аялуу катмарлары үчүн көрсөтүлүүчү кызматтарга карата талаптарды аныктоо боюнча социалдык стандарттар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
| 3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүдөй токтомдорунун долбоорлорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү: - билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде окугандарды социалдык коргоонун минималдуу деңгээлин камсыз кылуучу нормалардан жана нормативдерден турган билим берүү жагындагы социалдык стандарттар жөнүндө; - мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мектепке чейинки, баштапкы кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында билим алуу тартиби жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик |
| 4 | Турак жай-коммуналдык тейлөө, анын ичинде жалпыга жеткиликтүү кызмат көрсөтүү - электр энергиясы жагындагы социалдык стандарттар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү | Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги |
| 5 | Турак жай-коммуналдык тейлөө, анын ичинде жалпыга жеткиликтүү кызмат көрсөтүү - суу менен камсыздоо жана агынды сууларды буруу жагындагы социалдык стандарттар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү | "Кыргызтуракжайком- мунсоюз" мамлекеттик ишканасы Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка уюмдары менен бирдикте |
| 6 | Маданият жагында, анын ичинде мамлекеттик маданият мекемелери көрсөтүүчү жалпыга жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөр жагындагы социалдык стандарттар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү | Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги |
| 7 | Акысыз юридикалык жардам берүү жагындагы, анын ичинде калктын социалдык аялуу катмарларына акысыз юридикалык жардам көрсөтүү жагындагы социалдык стандарттар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
| 8 | Дене тарбия жагындагы, анын ичинде Кыргыз Республикасынын билим берүүчү юстиция уюмдарында мамлекет кепилдеген базалык дене тарбиялык-спорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү жагындагы социалдык стандарттар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик |
| 9 | Төмөнкүлөрдү бекитүүчү нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү: - жашоо минимумунун нарктык чоңдугун аныктоо үчүн түзүмдүн; - калктын негизги социалдык-демографиялык топтору жана жан башы үчүн жашоо минимумунун чоңдугун эсептөө методикасын | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча), кызыкдар министрликтер жана ведомстволор |
| 10 | Жакырчылыктын белгисин аныктоо методикасын бекитүүчү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча ПрограммаПрограмма · 30.04.2013 · № 218
Шилтеме берет (1)
- Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндөЗакон · 26.05.2009 · № 170