Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Энтес» компаниясынын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каршы доосу боюнча талашты Гаага шаарындагы Туруктуу арбитраждык соттогу соттук кароодо Ставкалар жана чыгымдар боюнча юридикалык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен «Партнер» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда түзүлгөн келишим жактыруу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 13-октябры № 592-б "Энтес" компаниясынын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каршы доосу боюнча Гаага шаарындагы Туруктуу арбитраждык соттогу соттук териштирүүгө байланыштуу:
1. "Энтес" компаниясынын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каршы доосу боюнча талашты Гаага шаарындагы Туруктуу арбитраждык соттогу соттук кароодо Ставкалар жана чыгымдар боюнча юридикалык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен "Партнер" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда түзүлгөн тиркелген келишим жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- жогоруда аталган Келишимге ылайык "Партнер" жоопкерчилиги чектелген коомуна көрсөткөн кызматы үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин каражаттарынын эсебинен, 2009-жылга карата бекитилген бюджеттин чегинде акы төлөсүн;
- "Партнер" жоопкерчилиги чектелген коомуна акы төлөөгө байланыштуу "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине тапшырылсын.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2009 год и прогнозе на 2010-2011 годыЗакон · 19.05.2009 · № 159
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-майындагы №157 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маселелери"Постановление · 10.05.2007 · № 157 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КРЗакон · 21.01.2009 · № 12