Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министрин (Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги заседаниеси өткөрүшү боюнча) буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 17-июлу № 4 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-майындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө" Декретинин 5-пунктунун төртүнчү абзацына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобонун II бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык:
1. Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) 2010-жылдын 18-23-июлунда Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги заседаниеси өткөрүлсүн.
2. Жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жолугушууга катышуу үчүн курамы тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык комадировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр
Р.Отунбаева
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 17-июлундагы № 4 тескемесине тиркеме
Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн Алмата шаарында (Казахстан Республикасы) 2010-жылдын 18-23-июлунда болуучу жолугушууга катышуучу КУРАМЫ
Асаналиев Э.А.
-
өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси, делегациянын жетекчиси;
Касмалиев А.К.
-
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;
Абдрахманов А.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо маселелери боюнча бөлүмүнүн эксперти;
Катанаев А.Г.
-
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары;
Миңбаев А.А.
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топтун биринчи секретары;
Камбаралиев Б.К.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Башкы штабынын башкы оперативдик башкармалыгынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн улук офицери;
Мандычев Н.И.
-
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын кыргыз комплекстүү аэрогеодезиялык экспедициясынын начальниги;
Чернявский В.А.
-
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын кыргыз комплекстүү аэрогеодезиялык экспедициясынын башкы инженери;
Санников В.П.
-
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы №327 " Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча…Постановление · 24.06.2008 · № 327
- КР УО 2010-жылдын 19-майынын № 39 "Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө" ДекретиДекрет · 19.05.2010 · № 39
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин айрым буйруктарын күчүн жоготту деп таануу…Распоряжение · 08.09.2023 · № 466
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2008 · № 471 · Күчүн жоготкон