Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 25-майы № 200-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директоруна аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтү, дене тарбия жана спорт жаатындагы байланыштарды Тараптар ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоочу каражат катары өнүктүрүүгө умтулууну жетекчиликке алып, эки өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Тараптар эки мамлекеттин өз ара кызыкчылыктарынын негизинде дене тарбия жана спорт жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт. 2-берене. Тараптар өздөрүнүн спортсмендеринин Тараптардын мамлекеттеринин аймагында өтүүчү спорттук иш-чараларга катышуусуна көмөк көрсөтүшөт. 3-берене. Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин аймагында өтүүчү дене тарбия жана спорт маселелери боюнча семинарларга, илимий-практикалык атайын конференцияларга катышат. Тараптар дене тарбия жана спорт жаатындагы тажрыйба, илимий маалымат, документтер жана окуу-методикалык материалдар менен алмашууну жүргүзүшөт. 4-берене. Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин аймагында өтүүчү эл аралык спорттук окутуу курстарына калыстарынын жана машыктыруучуларынын катышуусуна көмөк көрсөтүшөт. 5-берене. Тараптар эки өлкөнүн спорттук федерацияларынын жана клубдарынын ортосундагы макулдашуу боюнча спорттук кадрларды, спортсмендерди жана адистерди алмашууга көмөк көрсөтүшөт. 6-берене. Тараптар эки Тараптын тажрыйбасын алмашуу жана спорттук адистеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн зарыл шарттарды түзүп беришет. 7-берене. Тараптар WADA (Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттигинин) мыйзамдарынын негизинде допинг-контролдоо жаатында кызматташтыкка көмөк көрсөтүшөт. 8-берене. Тараптар спорттун материалдык-техникалык жана илимий базасына тийиштүү, өз ара кызыкчылыктарын камтыган, айрым маселелерин чечүүдө кызматташат. 9-берене. Тараптар эл аралык спорттук кызматташтык маселелери боюнча маалымат менен алмашат жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү боюнча консультацияларды жүргүзүшөт. 10-берене. Жөнөткөн Тарап, эгерде Тараптар өз ара келишим боюнча сарптоолорду төлөөнүн башкача тартибин белгилешпесе, өзүнүн спорттук делегациясын борборго же башка өз ара макулдашылган шаарга барып-келүүсүнүн жол киресин төлөө боюнча сарптоолорду өзүнө алат, ошондой эле медициналык камсыздандыруу менен байланышкан сарптоолорду төлөп берет. 11-берене. Бул Макулдашуунун алкагындагы кызматташтык боюнча өткөрүлүүчү иш-чаралардын бардык финансылык шарттары Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча тийиштүү жылга каралган бюджеттик каражаттарынын эсебинен аныкталат. 12-берене. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген жана бул Макулдашуунун 13-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө протокол менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 13-берене. Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө билдирүүнү дипломаттык каналдар боюнча алмашуу аяктаган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуу, эгер Тараптардын бири Макулдашууну колдонуунун тийиштүү мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде 6 (алты) ай убакыт калганга чейин экинчи Тарапка дипломаттык каналдар аркылуу өзүнүн ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө жибербесе, кийинки беш жылга автоматтык түрдө узартылат. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда пикир келишпестиктер жана талаш-тартыштар пайда болгон учурда, Тараптар аларды консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечет.
__________ шаарында 201__-жылдын "__" ___________ 2 (эки) нускада, ар бири кыргыз, тажик жана орус тилдеринде түзүлдү. Пикир келишпестиктер пайда болгон учурда орус тилиндеги текст негиз катары колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн _______________________
Тажикстан Республикасынын Өкмөтү үчүн _______________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.