Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы көпүрөлөрдү жана автомобиль жолдорун куруу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 25-майы № 199-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы көпүрөлөрдү жана автомобиль жолдорун куруу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдашуунун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы көпүрөлөрдү жана автомобиль жолдорун куруу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтү (мындан ары тараптар деп аталат), 1996-жылдын 12-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндө келишимдин негизинде аракеттенип, ынак коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык рухунда, эки мамлекеттин тең жарандарынын жана транспорттук каражаттарынын жолтоосуз транзиттик өтүүлөрүн камсыздоо максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Тажик тарап, Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек ара тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялары тарабынан макулдашылбаган Гулякандоз каналы жана Козу-Баглан (Кожо-Бакырган) дарыясы аркылуу өтүүчү эки көпүрө жана аларга келүүчү автомобиль жолдорунун курулушуна каршы эмес жана аларга тоскоолдук кылбайт. 2-берене. Көпүрөлөрдү жана аларга келүүчү автомобиль жолдорун куруунун Тараптар менен макулдашылган планы, бул Макулдашууга тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Курулуштун жүрүшү (курулуштун башталышы жана тиешелүү уруксат берүү жол-жоболорду алуу) Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары болгон Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Тажикстан Республикасынын Транспорт министрлиги менен макулдашылат. 3-берене. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аягына чыкмайынча Тараптар көрсөтүлгөн тилкеде курулуш жана башка чарбалык ишти жүргүзбөйт. 4-берене. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоону жана демаркациялоону жүргүзүү убагында бул Макулдашуунун жоболоруна шилтеме жасабоого тийиш. 5-берене. Бул участокто Тараптардын жарандарынын жана транспорттук каражаттарынын кирүү/чыгуусунун жана кыймылынын жөнөкөйлөтүлгөн тартиби колдонулат. Тараптар кыймылдарды чектөөчү постторду коюшпайт же Тараптардын мамлекеттеринин жарандарынын жана транспорттук каражаттарынын жүрүүлөрүнө тоскоолдук келтирүүчү башка курулуштарды курушпайт. 6-берене. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча, бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө Протоколдор менен таризделет жана бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп калат, алар бул Макулдашуунун 7-беренесине ылайык күчүнө кирет. 7-берене. Бул Макулдашуу кол коюлган учурдан тартып убактылуу колдонулат жана Тараптар күчүнө кирүү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы кабарлоону жазуу жүзүндө алган күндөн баштап күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси толук аяктаганга жана юридикалык таризделгенге чейин колдонулат.
Бишкек шаарында 2013-жылдын "__" майында түзүлүп, эки нускада, кыргыз, тажик жана орус тилдеринде даярдалды, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө келишпөөчүлүктөр чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.