Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Эл аралык юридикалык компанияны тандап алуу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлсү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 6 декабря 2024 года № 781-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-12-06.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 23-октябры № 427-б Корея Республикасынын жараны Ли Джон Бэк жана "Central Asia Development Corporation" ЖЧК тарабынан демилгеленген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө каршы арбитраждык териштирүүдө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн укуктук коргоону жана кызыкчылыктарын көздөөнү камсыздоо үчүн эл аралык юридикалык компанияны "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тандап алуу максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда, эл аралык юридикалык компанияны тандап алуу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия).
2. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте эл аралык юридикалык компанияны тандап алууну жүзөгө ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жеңүүчү деп табылган эл аралык юридикалык компания менен юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө келишим түзсүн.
4. "Бишкек" ЭЭА Генералдык дирекциясы юридикалык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзсүн.
5. Эл аралык юридикалык компанияга тапшырмаларды берүү, аны менен консультацияларды өткөрүү жана андан отчетторду алуу боюнча милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
6. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж.Ж. Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-октябрындагы № 427-б буйругуна карата тиркеме
Эл аралык юридикалык компанияны тандап алуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович
-
Кыргыз Республикасынын юстиция министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Курманова Айдай Эркиновна
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы;
Баяманова Зуура Эдуардовна
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы;
Оторбаев Эринес Мотоевич
-
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Карыбеков Таалайбек Аманбекович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун орун басары;
Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Молдоканов Шамшыбек Имашович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана насыя саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Нусувалиев Орозбек Токталиевич
-
"Бишкек" ЭЭА Генералдык дирекциясынын генералдык директору.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемелери күчүн жоготту…Распоряжение · 06.12.2024 · № 781