Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын керектүү финансы-экономикалык каражаттар менен камсыздоо боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 2-августу № 318-б Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 321-беренесине жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын керектүү финансы-экономикалык каражаттар менен камсыздоо максатында:
1. Электр станциялары" ачык акционердик коомуна (мындан ары - Электр станциялары" ААК) филиалдарынын жайгашкан жери боюнча, иштелип чыгарылган электр энергиянын жалпы көлөмүндөгү алардын үлүшүнө жараша, тиешелүү аймактарга берилген электр энергиясын сатуудан алынуучу салыктардын суммасын салык кызматынын аймактык органдарында эсептөөнү жүргүзүү жана төлөө сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы "Электр станциялары" ААКнын филиалдарынын жайгашкан жери боюнча сатуу салыгынын тиешелүү суммасынын салык кызматынын аймактык органдарына келип түшүүсүнүн эсебин алсын жана контролдосун.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Үч-Терек айылдык кеңешинин 2014-жылдын 20-майындагы № 79 "Таш-Көмүр шаарынын мэри Минбаев Бекболот Бекназаровичке Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2014-жылдын 13-майындагы №…Постановление · 20.05.2014 · № 79
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу" токтомуПостановление · 08.04.2014 · № 202 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- О финансово-экономических основах местного самоуправленияЗакон · 25.09.2003 · № 215 · Күчүн жоготкон