Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча планын бекитүү тууралуу) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 6 декабря 2024 года № 781-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-12-06.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 28-февралы № 67-б "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Тиркелген "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча план (мындан ары - План) бекитилсин.
2. Планды ишке ашырууга тартылган министрликтер жана администрациялык ведомстволор Планда каралган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүүнү белгиленген мөөнөттөрдө камсыз кылышсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-февралындагы № 67-б буйругу менен бекитилген
"2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча ПЛАН
№
Иш-чаралар
Мөөнөтү
Жооптуу аткаруучулар
1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби жөнүндө" токтомунун долбоорун иштеп чыгуу
2013-жылдын марты
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги
2
2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун балдарына жана жабыр тарткан адамдарга жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун биринчи кезекте берүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыгуу
2013-жылдын апрели
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик
3
2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында жабыр тарткан жарандарга алар ээлеген мамлекеттик жана коммуналдык турак жай фондунун турак жайларын жеке менчикке акысыз өткөрүп берүүнү караган "Кыргыз Республикасынын турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу
2013-жылдын апрели
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
4
Жарандарды 2013-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын долбооруна төмөнкүлөрдү караган жоболорду киргизүү: - 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгон жарандардын балдарын акысыз текшерүүдөн өткөрүү жана медициналык жардам көрсөтүү; - 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды медициналык тейлөө жана жеңилдетилген медициналык камсыз кылуу
2013-жылдын марты
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 06.05.2005 · № 177
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун…Закон · 04.08.2023 · № 162
- КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемелери күчүн жоготту…Распоряжение · 06.12.2024 · № 781
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы N 177 токтому менен бекитилген) "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО"Положение · 06.05.2005 · № 177
- 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндөЗакон · 22.10.2012 · № 173
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 307-б (Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына эт-сүт продукциясын экспорттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча туруктуу иштеген…Распоряжение · 29.06.2012 · № 307-р
- О приватизации жилищного фонда в Кыргызской РеспубликеЗакон · 20.12.1991 · № 681-XII · Күчүн жоготкон