Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына эт-сүт продукциясын экспорттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча туруктуу иштеген жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн бекитилүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 29-июну № 307-б Казакстан Республикасына эт-сүт продукциясын экспорттоого байланыштуу маселелерди ыкчам чечүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына эт-сүт продукциясын экспорттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча туруктуу иштеген жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына эт-сүт продукциясын экспорттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча туруктуу иштеген жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн курамы жөнүндө Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлигине маалымдасын.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Тиркеме
Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына эт-сүт продукциясын
экспорттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча туруктуу
иштеген жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары, жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн жетекчиси. Жумушчу топтун мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы директору; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин мал чарба продукциясын кайра иштетүү жана сатуу бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин малдын ден соолугу жана ассоциацияларды колдоо бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын техникалык регламент жана стандарт боюнча иштерди координациялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-февралындагы № 67-б ("2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан…Распоряжение · 28.02.2013 · № 67-р · Күчүн жоготкон