Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспорт ээлери үчүн визасыз режим орнотуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 26-февралы № 58-б Кыргыз Республикасынын жана Индия Республикасынын жарандарынын өз ара барып-келүү режимин тартипке келтирүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспорт ээлери үчүн визасыз режим орнотуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 544-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспорт ээлери үчүн визасыз режим орнотуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Индия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары текст боюнча бирге "Макулдашуучу Тараптар" деп аталат), Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын жарандарынын, дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспорт ээлеринин өз ара барып-келүүлөрүн жеңилдетүүнү каалап, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Макулдашуучу Тараптардын бир мамлекетинин жарандары, дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспорт ээлери Макулдашуучу Тараптардын экинчи мамлекетинин аймагына тиешелүү эл аралык кирүү/чыгуу пункттары аркылуу 90 күнгө чейинки мөөнөттө визасыз кирип, жүрүп, кайра чыгып же транзиттик жол менен жүрө алат. 2-берене.
1. Макулдашуучу Тараптардын бир мамлекетинин жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспорт ээлери, экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн же консулдук мекемелердин кызматкерлери болуу менен Макулдашуучу Тараптардын экинчи мамлекетинин аймагына дипломатиялык миссия же консулдук мекемеде алардын расмий өкүлчүлүгүнүн бүтүндөй мезгилинде визасыз кирип, чыгып же кала алат.
2. Макулдашуучу Тараптардын бир мамлекетинин экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан эл аралык уюмдарда өз өлкөсүнүн өкүлү болуп эсептелген жарандары, дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспорттордун ээлери дагы 1-беренеде көрсөтүлгөн укуктарга ээ болот.
3. Ушул берененин 1 жана 2-параграфтарында көрсөтүлгөн эрежелер дипломатиялык миссиянын, консулдук мекемелердин же эл аралык уюмдардын мүчөлөрүнүн жубайларына, алардын ата-энелерине жана тарбиялап жаткан балдарына карата, алар дагы ушул берененин 1-параграфында көрсөтүлгөн тиешелүү паспорту болгон шартта колдонулушу керек.
3-берене. Ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн адамдар, Макулдашуучу Тараптардын экинчи мамлекетинин аймагында жүргөн мезгилде аларга эл аралык укуктарга ылайык берилген өздөрүнүн укуктарына жана артыкчылыктарына зыян келтирбестен, кабыл алуучу Тараптын мыйзамдарын сыйлоого жана кирүү, чыгуу, транзит менен жүрүү же чет элдик жарандардын келүү жол-жобосун жөнгө салган тиешелүү ченемдерди сактоого тийиш. 4-берене.
1. Макулдашуучу Тараптардын ар бири дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспорттору бар адамдарды, эгер ал адам кааланбаган деп табылса (персона нон грата) өз мамлекетинин аймагына киргизүүдөн же жүрүшүнөн баш тартуу укугун сактайт.
2. Ар бир Тарап коомдук тартипти, коомдук коопсуздукту же коомдук саламаттыкты сактоо максатында бул Макулдашуунун аткарылышын толук же жарым-жартылай убактылуу чектөө же токтотуу укугуна ээ. Макулдашуучу Тараптар эгер чектөө колдонулса, бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу токтоосуз кабарлоого тийиш.
5-берене.
1. Тараптар жарактуу дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспорттордун үлгүлөрүн, ошондой эле алардын пайдалануусуна тиешелүү маалыматтарды алмашуу үчүн ушул Макулдашууга кол коюлган учурдан тартып отуз (30) күндүн ичинде дипломатиялык каналдарды пайдалануусу керек.
2. Тараптар дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспортторго киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө, ал күчүнө киргенге чейин отуз (30) күндөн кеч эмес мөөнөттө дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине кабарлашы керек.
6-берене. Макулдашуучу Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашуу өзүнчө протоколдор менен өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп калат жана ушул Макулдашуунун 8-беренесинде көрсөтүлгөн тартипте күчүнө кирет. 7-берене. Ушул Макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө пайда болгон бардык талаш-тартыштар Макулдашуучу Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр же консультациялар аркылуу жөнгө салынууга тийиш. 8-берене. Ушул Макулдашуу белгилүү мөөнөткө түзүлдү жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички жол-жоболордун Макулдашуучу Тараптар тарабынан аткарылышына тиешелүү жазуу жүзүндөгү акыркы кабарлоону алган учурдан тартып күчүнө кирет. Ушул Макулдашуу бир Макулдашуучу Тараптан дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашууну бузуу тууралуу өзүнүн ниетин экинчи Макулдашуучу Тарапка жазуу жүзүндө билдирген учурдан тартып 90 күндөн кийин бузулушу мүмкүн. Жогоруда айтылгандарды ырастап, тиешелүү өкмөттөр тарабынан ыйгарым укук берилген адамдар ушул Макулдашууга кол коюшту. _________ шаарында 20__ "__" _______ ар бири эки түп нускада кыргыз, хинди, англис жана орус тилдерине түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо, Макулдашуучу Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Индия Республикасынын Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 628 ""Бишкек шаарында 2013-жылдын 19-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы…Постановление · 16.11.2013 · № 628
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 544-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн визасыз…Распоряжение · 25.11.2011 · № 544-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 544-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн визасыз…Распоряжение · 25.11.2011 · № 544-р · Күчүн жоготкон