Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режимди белгилөө жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу ттуралуу) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 26 февраля 2013 года № 58-р (Об одобрении проекта Соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Республики Индия об установлении безвизового режима для владельцев дипломатических и/или официальных/служебных паспортов)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-02-26.
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 58-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 25-ноябры № 544-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режимди белгилөө жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен жактырылсын.
Биринчи вице-премьер-министр
Ө. Бабанов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режимди белгилөө жөнүндө макулдашуу
Кыргыч Республикасынын Өкмөтү жана Индия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары бир тарап «Макулдашуучу Тарап» жана эки тарап «Макулдашуучу Тараптар» деп аталат), достук мамилелерди жакшыртуу боюнча эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен, дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы катташуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү каалоо менен, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Макулдашуучу Тараптын биринин мамлекетинин жарактуу дипломаттык паспортуна ээ жараны тиешелүү эл аралык кирүү/чыгуу пункту аркылуу визасыз башка Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагына кирип, чыгып жана аймак аркылуу транзит менен өтө алат. Макулдашуучу Тараптын биринчи мамлекетинин аталган паспортуна ээ жараны башка Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында максималдуу мезгил болгон 90 күн визасыз жүрө алат.
2-берене
1. Макулдашуучу Тараптын биринин мамлекетинин жарактуу дипломаттык паспортуна ээ жана ал мамлекеттин башка Макулдашуучу Тараптын мамлекетинде жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин кызматкери болуп саналган жаранына башка Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагына кирүүсү үчүн виза тариздөө талап кылынбайт жана тиешелүү дипломаттык өкүлчүлүктүн жана консулдук мекеменин суроо-талабы боюнча дипломаттык/расмий/кызматтык паспорттордун ээлерине келген күндөн кийин 90 күн ичинде алардын расмий түрдө туруу мөөнөтүнө резиденттин визасы берилет.
2. Өз мамлекетинин жана башка Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан эл аралык уюмдун өкүлү болуп саналган Макулдашуучу Тараптын биринин мамлекетинин аталган паспортко ээ жараны бул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн укуктарга ээ болот.
3. Бул берененин 1 жана 2-пункттарында саналган эрежелер дипломатиялык өкүлчүлүктүн же консулдук мекеменин кызматкеринин же эл аралык уюмдун өкүлүнүн жубайларына жана алардын багуусундагы балдарына, ата-энелерине карата да колдонулат, эгерде алар аталган категориядагы паспортторго ээ болсо же балдардын ата-энелеринин биринин паспортуна жазылган болсо.
3-берене
Макулдашуучу Тараптын биринин мамлекетинин жарактуу дипломаттык паспортуна ээ жараны башка Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында эл аралык уюм же Өкмөт тарабынан уюштурулган жолугушууга же конференцияга катышуусу керек болсо башка Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагына кирүү жана ал жерде туруусу үчүн виза тариздөө талап кылынбайт.
4-берене
1. Ар бир Макулдашуучу Тарап башка Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин жаранына карата кимди каалабаган жак (нон-грата) катары санаса ошол жаранды ич аймагына кирүүгө уруксат бербөөгө жана аймагында туруу мөөнөтүн кыскартып коюуга укуктуу.
2. Макулдашуучу Тарптын биринин мамлекетинин жараны башка Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында өз паспортун жоготуп жиберген учурда ал келген мамлекеттин тийиштүү органдарына тийиштүү чараларды көрүүсү үчүн билдирүүгө тийиш. Тийиштүү дипломаттык өкүлчүлүк жана консулдук мекеме өз мамлекетинин жаранына жаңы паспорт же чек арадан өткөрүү документ берүү менен башка Макулдашуучу Тараптын компетенттүү органдарына билдирүүлөрү керек.
5-берене
Макулдашуучу Тараптын биринин мамлекетинин дипломаттык/расмий/кызматтык паспортуна ээ жаран чек арадан өтүүдө жана ал аймакта туруу мезгилинде башка Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарын жана эрежелерин сактоого милдеттүү.
6-берене
1. Бул Макулдашуунун алкагында ар бир Макулдашуучу Тарап бул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин 30 күндүн ичинде башка Макулдашуучу Тарапка дипломаттык каналдар аркылуу дипломаттык паспорттордун үлгүлөрүн, анын ичинде азыркы мезгилде колдонулган документ майда-баратына чейин сүрөттөлүшүн жөнөтөт.
2. Ар бир Макулдашуучу Тарап башка Макулдашуучу Тарапка дипломаттык каналдар аркылуу жаңы же өзгөртүлгөн паспорттордун үлгүлөрүнүн сүрөттөлүшүн, анын ичинде ушундай документтердин майда-баратына ченин сүрөттөлүшүн алар күчүнө киргенге чейин 30 күндүн ичинде жиберүүгө тийиш.
7-берене
Ар бир Макулдашуучу Тарап мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартипти сактоо же калктын ден соолугуна коркунучту болтурбоо үчүн ушул чаралар зарыл болсо бул Макулдашуунун же анын бир бөлүгүнүн колдонулушун убактылуу чектөөгө же токтото турууга укуктуу. Убактылуу чектөө башка Макулдашуучу Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин дароо күчүнө кирет.
8-берене
Ар бир Макулдашуучу Тарап бул Макулдашууга же анын бөлүгүнө толуктоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жазуу түрүндө дипломаттык каналдар аркылуу демилге көтөрүүгө укуктуу. Макулдашуучу Тараптардын ортосунда макулдашылган толуктоолор жана өзгөртүүлөр өз ара макулдашылган күндөн тараптын күчүнө кирет жана бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп калат.
9-берене
Бул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан кайчы пикирлер жана талаш-тартыштар Макулдашуучу Тараптар ортосунда үчүнчү жактарга же эл аралык трибуналга кайрылуусуз консультациялар же сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
10-берене
1. Бул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптардын өз ара келишкен күнүнөн тартып күчүнө кирет, ал жөнүндө дипломаттык нота алмашуу жолу менен билдирүү жиберилет.
2. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү жана өзүнүн колдонулушун башка Макулдашуучу Тарап дипломаттык каналдар аркылуу экинчи Макулдашуучу Тараптын жазуу жүзүндө анын колдонулушун токтотуу жөнүндө билдирүүсүн алган күндөн тартып токсон (90) күндүн ичинде токтотушу мүмкүн.
Ушуларды ырастоо менен төмөндө кол койгондор ушул максат үчүн ыйгарым укукка ээ болуу менен ар бири тиешелүү түрдө Өкмөтү тараптан бул Макулдашууга кол коюшту.
Макулдашуу _______________ шаарында 20___- жылдын «__»______________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, орус, хинди жана англис тилинде түзүлдү. Мында ар бир текст бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыкса, англис тилинде текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Индия Республикасынын Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.