Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (2014-2016-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн макроэкономикалык сценарийлерин иштеп чыгуу) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 4 февраля 2014 года № 25-р (О разработке макроэкономических сценариев развития Кыргызской Республики на 2015-2017 годы)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-02-04.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-февралындагы № 25-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 11-февралы № 32-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 711 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун тартибине ылайык, 2013-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча орто мөөнөттүү мезгилге жана келерки жылга Кыргыз Республикасынын макулдашылган макроэкономикалык болжолун даярдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 94-б буйругу менен түзүлгөн Финансылык программалоо боюнча техникалык топ 2014-2016-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн макроэкономикалык сценарийлерин (үчтөн кем эмес) иштеп чыксын жана 2013-жылдын 15-февралынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
2014-2016-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолунун долбоорун даярдоо бөлүгүндө:
- Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөөнөттүү болжолун түзүү үчүн базалык макроэкономикалык сценарийди тандоонун жана макулдашуунун тиешелүү негиздемесине ылайык 2014-2016-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн макроэкономикалык сценарийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин кароосуна киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш тарабынан жактырылган, базалык сценарийдин максаттуу орто мөөнөттүү макроэкономикалык параметрлеринин негизинде кызыкдар министрликтер жана администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте 2014-2016-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолун түзүүгө киришсин;
- 2013-жылдын 20-февралынан кечиктирбестен "2014-2016-жылдарга Кыргыз Республикасын жана региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
2014-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун даярдоо жана 2015-2016-жылдарга болжолуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү бөлүгүндө:
- 2013-жылдын I кварталынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгынын негизинде кызыкдар министрликтер жана администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте 2014-жылга Кыргыз Республикасынын бюджетинин болжолун түзүү үчүн үч жылдык мезгилге, анын ичинде кийинки жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жаңыланган болжолун түзүүгө киришсин;
- 2013-жылдын 1-июнунан кечиктирбестен "2014-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жана 2015-2016-жылдарга болжолуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- тармактык министрликтерге жана администрациялык ведомстволорго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына болжолдуу көрсөткүчтөрдү түзүү маселелеринде эксперттик-методологиялык колдоо көрсөтсүн.
3. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары 2013-жылдын 10-майынан кечиктирбестен өнүктүрүүнүн тармактык программаларына негизделген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 711 токтому менен бекитилген, 2014-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун жана 2015-2016-жылдарга болжолго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоорунун бөлүгүнүн 2013-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча такталган/оңдоп-түзөтүлгөн көрсөткүчтөрү жөнүндө сунуштарга ылайык зарыл болгон эсептөөлөр жана негиздемелери, бөлүмдөрдүн түзүмдөрү, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүнүн тиркелген формалары жана тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине маалымат киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 23-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-февралындагы № 25-б (2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн макроэкономикалык сценарийлерин белгиленген тартипте иштеп чыгоо боюнча)…Распоряжение · 04.02.2014 · № 25-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 23-б (Кыргыз Республикасын 2013-2015-жылдарга өнүктүрүүнүн макроэкономикалык сценарийлери боюнча) буйругуРаспоряжение · 01.02.2012 · № 23-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 94-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешти аналитикалык…Распоряжение · 04.04.2011 · № 94-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасын жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн…Постановление · 11.11.2011 · № 711 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 23-б (Кыргыз Республикасын 2013-2015-жылдарга өнүктүрүүнүн макроэкономикалык сценарийлери боюнча) буйругуРаспоряжение · 01.02.2012 · № 23-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-февралындагы № 25-б (2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн макроэкономикалык сценарийлерин белгиленген тартипте иштеп чыгоо боюнча)…Распоряжение · 04.02.2014 · № 25-р · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 711 токтому менен…Порядок · 11.11.2011 · № 711 · Күчүн жоготкон